Ырчы Асел Кадырбекова өздүк жеке баракчасына төмөнкү билдирүүнү жазып, күйөрмандары менен бөлүштү. Анда, “Биз ата-энебиз менен чатакташып алып ыйлайбыз, кимдир бирөөлөрдүн такыр эле ата-энеси жок. Биз жумушубузга нааразы болобуз, кимдир-бирөөлөрдүн жумушу да жок. Биз аябай тоюп алдык деп даттанабыз, ал эми кимдир-бирөөлөр нормалдуу тамактанууну кыялданат. Биз өзүбүздүн сүйүктүү адамыбызга ачуубуз келет, кимдир-бирөөлөр аны жоготуп алган жана эч качан кайтарып ала албайт.Үйдүн чачылганы жакпай, аябай чоң үйгө жашоону кыялданабыз, ал эми дагы бири 9 чарчы метр бөлмө тууралуу кыялданат. Колдо барды баалай билели”,-деп билдирет Асел Кадырбекова.
БУЛАК: argument.kg