Асел Кадырбекова: «Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек…»

Ырчы Асел Кадырбекова өзүнүн үй-бүлө боюнча көз карашын билдирди.

“Үй-бүлөдө атаандаштык болбош керек. Үй-бүлөдө күйөө башкарыш керек! Ал эми аял болгону колдоону сезүүгө тийиш. Өзүмдүн жубайымды дайыма колдогонго аракет кылам. Албетте кээде мээ жегенди унутпайм.Тең салмактуулук болуп турсун дейм да. Дегеле ар бири өзүнүн милдеттерин билсе жана аткарса баары сонун болот”,-деди Асел Кадырбекова.

Белгилей кетсек, жылдыздуу түйгөйлөр Нурлан Насип менен Асел Кадырбекова жакында тун кызынын жентек тоюн өткөрүп элден бата алышты.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу