Асел Кадырбекова: «Балким мен жаштыкка алдырып жатам, бирок…»

Бул ирет ырчы Асел Кадырбекова өздүк баракчасына сынчыл инсандар үчүн төмөнкүчө билдирүү калтырды. Анда, «Кече эле бир айымдын постун окуп туура деп ойлоп койдум эле. Бүгүн мен да ушул нерсени жазгым келди. Биздин коомго жагыш үчүн өзүңдү байкуш, өлүмүш кылып көрсөтсөң гана жагат экенсиң. Бир аз күчтүлүгүңдү, бактылуулугуңду көрсөтсөң каралап, баленин баарын жазып жармашып калышат экен. Бирок,  бул нерсеге деле жыргап жетпесек керек. Ооба,  инстаграмда укмуш баары жеңил, оңой, таттуу көрүнөр, бирок ар бир пенде сыяктуу эле тырышып, арасында ыйлап, күлүп көптөгөн кыйынчылыктын артынан жеткен чыгарбыз. Билбей туруп ар нерсени жаза берген туура эмес. Кээ бир адамдардын бетке басар эле сөзү «Сен артиссиң» чыдашың керек деп жазасыңар! Биринчиден мен айыммын, менин жүрөгүм, көңүлүм бар. Телефон артында кыйын болуп акыл, жашоону үйрөткөнгө баары уста. Бирөөнүн жашоосуна кийлигишкенди адат кылып алгандайбыз. P.S Инстаграм мен үчүн архив. Кээде эски сүрөттөрүмдү,  видеолорду көрүп ошол убакытка кайткандай болом. Ар бир сүрөттүн артында окуя бар. Балким жаштыкка алдырып өтө жеке жаңылыктарым менен бөлүшүп салаттырмын. Бирок,  болгону ичимде жаман оюм жок. Сиздер менен кубанычымды,  же жүрөгүмдө болгон сезимдер менен гана бөлүшөйүн деген ойдо…»-дейт ырчы айым.

БУЛАК:  argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу