Асель Кадырбекованын кош бойлуулугун талкуулагандар көбөйдү…

Кыргыз эстрадасында дарегине көп сын-пикир айтылган ырчылардын катарын Асель Кадырбекова да толуктайт. Бул ирет ырчынын кош бойлуулугу тууралуу ойлор көп айтылууда. Айтылган пикирлерге Асель өзү так жооп бербей келет.

Инстаграм баракчасына акыркы жүктөгөн сүрөттөн Аселдин курсагынын чыгып калганын байкоого болот. Ырчынын бул жаңылыкты элден сыр тутуп жаткандыгы көпчүлүктү таң калтырууда.

Ырчынын жубайы Нурлан Насип да бул тууралуу маалымат берүүдөн баш тартууда.

Эске салсак буга чейин Асель менен Нурландын бир нече күнгө созулган үйлөнүү тою, кымбат баалуу үлпөт көйнөгү талкууга алынган.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу