Асан Мансуров менен Самара Каримованын уулдарынын тою Ошто дагы уланат

Бишкек шаарындагы ресторандардын биринде кечээ, 12-декабрда ырчы Самара Каримова менен жолдошу Асан Мансуров уулдарына сүннөт той өткөрүштү. 6 жаштагы Барсбек менен 3 жаштагы Алихандын сүннөт тоюна белгилүү ырчылар, туугандары, маданият кызматкерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары жана саясатчылар күбө болушту.
Бул сүннөт той Бишкектегилер үчүн өтүп, ушул жуманын аягында Ош шаарында да боло турганы маалым болду. Жубайлар 2 уул, 1 кыздын ата-энеси.
Социалдык түйүндөн колдонуучусу А.Акматова: «Асан Мансуров менен Самара Каримованын тоюнда болуп кайттык. Бардыгы укмуш, жогорку деңгээлдеги даярдыктар, элдердин маанайы жакшы, мактоого сөз жетпейт. «Замана» студиясынын алып баруучусу Нурдөөлөт Копоев Дубайга 10 күнгө жолдомо утуп алды. Атахан Кожогулов да оюнга катышып, дагы бир сонун белек алды», — деп жазды.

Булак: turmush.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу