Асанбеков: «Олигархтар саясий интригалардын барымтасында кала бербей, коомдун проблемаларын чечиши керек…»

«Биздин олигархтар жана урматтуу бизнесмендер саясий интригалардын барымтасында кала бербей, коомдун проблемаларын чечүүгө активдүү катыша турган учуру келди”, — деп билдирди 19-марттагы басма сөз жыйынында “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков. Жыйында Асанбеков Кыргызстанды өнүктүрүү боюнча “Мекен Ынтымагы” партиясынын социалдык-экономикалык программасын жарыялады. Анын айтымында саясий стабилдүүлүк экономикалык өсүштүн негизги фактору болуп саналат. “Саясий интригаларды токтотуп, коомдуулуттук, аймактык жана диний баалуулуктар боюнча бөлүүлөрдүтоктотууучуру келди. Биз коомдун бардыккатмары, саясий жана коомдук уюмдар менен конструктивдүү диалогго барабыз”, — деди Темирбек Асанбеков. Ал улуттукөнүгүүүчүнатайынмамлекеттик фонд түзүүнү, фонд ички резервдердин эсебинен толукталатурганын, булөлкөнү сырткы кредиторлордон куткарарынайтты. “Фонддун эффективдүү иштешининнатыйжасындаанынкирешесининнегизгибөлүгүсырткыкарыздыжабууга жумшалат. Сырткыкарыздыжабууоорчулугуазайгансоң, негизги финансы каражаттарыулуттукэкономиканыколдоого, аныөнүктүрүүгөжумшалат”, — дедиАсанбеков. Ошондой эле ал мамлекеттик органдар дагы коррупция менен күрөшүү үчүн реформаларды жүргүзмөкчү. Асанбековдун айтканы боюнча аткаминерлер арасындагы масштабдуу коррупциянын болуп жатышы, негизинен социалдык кепилдиктердин жоктугунан, келечекке ишенбегендиктен, айрыкча катардагы мамлекеттик кызматкерлердин, жөнөкөй мугалимдер менен медиктердин, укук коргоо органдарындагы, аскер кызматындагы офицерлер менен сержанттардын төмөнкү курамында эмгек акыларабдантөмөнболгондугунанчыгыпжатат. Бул Асанбековдун ою боюнча жаш, сабаттуу адистердин мамлекеттик кызматтарга баруудан баш тартышынын жана алардын кетип жатышынын себеби болууда. «Сабаттуу, билимдүү адистерди ишке тартуу үчүн, мамлекеттик кызматкерлер жөнүндө жаңы мыйзам кабылалынат. Анда карьералык өсүүнү нпринциптери, социалдык жактан коргоо жана татыктуу эмгек акытөлөө каралат. Ишти кынтыксызаткаруу жана эмгектин жыйынтыгынын көрсөткүчтөрү тиешелүү акытөлөөнү талапкылат”, — дейт Асанбеков. Партиянын программасы боюнча жаш адистер мамлекеттик кызматтарга конкурстук негизде жана коомчулуктун көз алдында ачык тандалат. «Биз мамлекеттик кызматта иштөө ардактуу жана бийик болоруна жетишебиз. Мамлекеттик кызматкерлер бизнес коомчулугунун тар чөйрөсүнө эмес, элге кызматкылууга жана эл ичинен тандалууга милдеттүү. Азыркы учурда биздин бийлик институттарынын ишмердик сапатынын алсыздыгынанулам, потенциалдуу инвесторлор үчүн юридикалык коргоо жана ишкерчөйрөкалыптанган эмес. Мамлекеттер аралык интеграциялык процесстерде өзүбүздүн пассивдүүлүгүбүздү, мамлекеттик институтардын кадрдык саясатынын кесиптик деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп жатабыз. Өнүгүү боюнча өзүбүздүн моделибиздин жоктугу, жанбактылыккаганабагытталганкеректөөчүлүк экономикалык саясатты улантуугааргасыз кылып жатат. Сырттан тынымсыз грант жана финансылык жардамдарды издөө жыл сайын мамлекеттин ички потенциалын улам тереңдетип жок кылып бара жатат”, — деп сөзүн аяктады “Мекен Ынтымагы” саясий партиясынын төрагасы Темирбек Асанбеков.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу