Асанакуновду жүгөндөгүсү келгендер алсызбы?

Республикада илгери профсоюз тармагын абдан күчтүү, элдин тиреги катары санагандар арбын болчу. Тилекке каршы жыл өткөн сайын бул тармак чекесинен жешилип кетип баратат. Антсе да дале болсо алакан жылытчу таасирден четте эмес экендиги талаш-тартыштардын чордонуна айлангандан улам сезилип жатканы ырас.

Болбосо желбегей чепкен жамынгандар ар кандай ураандарды жаздырып, ак үйдүн алдына чейин элди козутуп чыгарбайт эле да. Шыбагасын бере салып маалыматтардан чыгармак эмес, же калппы? Катуу тирешүүнүн күүсү азыр деле бошошо элек, тескерисинче улам уланып келатат.

Ошентсе да профсоюздагы токтобогон чуру- чууга карабастан тармакты сүйрөп келаткан Мирбек Асанакуновдун майышпас эркине баа берүүгө туура келет.

өндүрдөй жааган соккуларга моюн бербей, кезинде мизин кайтарууга кылган аракети оңунан чыгып жаткан соң баракелде дебеске аргабыз жок. Пансионаттарды сатып жиберди, өз адамдарын кызматка коюп алды деген дооматтар суу кечпей калды.

Ага болбостон эле бирин-экин каршы чыккан адамдар СДПК колдоп койду, Молдобекованын тирөөчү каардуу экен деген кептерин тизмектөөдөн жадашпады. Чамасы жетекчинин каршылаштары алсыз окшойт деген тыянак чыгарууга бап келгендей…

Булак: «Ачык сөз»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу