Арыктоону каалайсызбы? Анда…

1. Сиздин ушунчалык табитиңиз ачылып, тамак жегиңиз келип турганда сизге сельдерей жардамга келет. Анткени, анын калориясы болгону 13 килокалорийди түзөт. Сельдерей чөбүнүн калориясы аз болсо дагы, ал адамды ток кылып жүрүүнү камсыздайт.

2. Колдонгон тамак-ашыңызга имбирь кошуп колдонуңуз. Имбирь организмдеги метаболизмди жогорулатып, ашыкча салмактан арылууга жардам берет.

3.Узак убакытка жөө жүрүңүз. Себеби, узак убакыт жөө жүрүү дененин булчуңдарын чыңалтып, кан айлануу системасын жакшыртат. Бул түр айрыкча артроз оорусу менен ооругандарга өтө пайдалуу.

4.Организмде белоктун түзүмү толук болушу абзел. Көпчүлүк айымдар диета баштаганда, бир гана чөп-чарларды колдонууну көздөйт. Бул туура эмес. Анткени, организмде белоктун түзүмү толук болуп турушу керек. Белок тамак-аштары көп убакытка чейин адамды ток тутуп турат.

5.Эгерде сиз ушунчалык ачка болсоңуз, сизге бир стакан суу ичип кою жетиштүү. Адистердин айтымында бир стакан суу ашказанга келгенде мээге сигнал барып, ачка болууну сезимин унуткарат.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу