Арыктоого жардам берген топ.

Фитбол – өтө пайдалуу спорттук топтордун бири. Фитбол менен жасалган көнүгүүлөр аркылуу сулуулугуңузга сулуулук кошуп, күн өткөн сайын кулпура түшүңүз. Анткени бүгүн сиздерге фитбол менен жасала турган машыгуулардын эң пайдалуу ыкмаларын сунуштамакчыбыз. Ар күнү 10 мүнөттүк көнүгүү жетиштүү болмокчу.

Фитбол менен отуруп-туруу

«Бул кандай жасалат?» деп ойлонуп турган чыгаарсыз? Ооба, жөнөкөй гана отуруп-туруу коопсуз болуп саналат. Себеби машыгууда фитболды аркаңызга коюп, дубалга тоголотуу аркылуу жасалат. ушундайча көбүрөөк отуруп-турууга болот. Ошол аркылуу келбетиңизге көрк бере аласыз. Машыгууну 25-30 жолу кайталаган оң.

Түз буттар үчүн

Аталган машыгууну аткаруу үчүн фитболдун үстүнө бутту коюп, жарымдап отуруп-туруу машыгуусун жасооңуз керек. Бул машыгуунун башкалардан эки айырмачылыгы бар: таасири эки эсе артат, тепе-теңдикти сактоого жардам берет. Ар бир бут менен 10 ирет отуруп-турасыз.

Колго арналган машыгуу

Фитбол менен дененин бардык жерине таасир берүүгө болот. Колдордун сулуу болушу да ар бир кыз-келиндин кыялы. Ошондуктан машыгууну эринбей туура аткарууга тырышыңыз.

Фитболдун үстүнө бутту коюп, алдыга карай созуласыз да, ошол калыпта “отжимание” жасоого киришесиз. Дал ушундай “отжимание” жасоо оңой жана пайдалуу. 10 жолу кайталайсыз.

Арканын түз болушуна жардам берет

Сымбатыңыздын тартымдуу болгону арка-белге да байланыштуу. Эгер күн сайын фитбол менен машыга турган болсоңуз, бул максаттарга да жетесиз. Биринчи эле фитболго курсак менен жатып, буттун учун жерге тийгизиңиз. Ал эми колду эки жакка жазасыз. Арканы түз кармап, бул машыгууну 10-12 жолу жасайсыз.

Ичтеги майды кетирген машыгуу

Полго чалкалап жатып, топту бутуңузга кысып аласыз. Анан топту колуңузга өткөрөсүз. Ушундайча машыгууну колдон бутка өткөрүп, бир нече жолу кайталаңыз. Машыгуу 15-20 ирет жасалуусу тийиш.

Ар бир машыгууну туура аткарууга аракет кылыңыз. Ошону менен бирге, берилген машыгууларды көрсөтүлгөн өлчөмдөн дагы көбүрөөк жасаган жакшы. Мисалы, 10 жолу жасала турган машыгууну үйрөнгөндөн кийин 15 жолу жасасаңыз болот. Мына ошондо сиз фитбол машыгууларынын таасирин байкайсыз.

БУЛАК:.zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу