Арыктоого арналган муз диетасы…

Денедеги ашыкча салмактан арылуу оңой эмес. Кай бирөө арыктоо үчүн түрдүү көнүгүүлөрдү жасаса, ал эми экинчиси диета кармап арыктоого тырышат. Ал үчүн биз сиздерге “Муз диетасын” сунуш кылабыз.

Аталган диета алты аптага чейин созулат. Ушул аралыкта 15-20 килограмм салмактан арылса боло тургандыгын адистер эскертет. Диетаны баштаган күндөн тарта өзүңүздү жеңил сезип, организмдеги кант өлчөмүңүз нормалдашып, уйкуңуз тынч болот.

Муундары, сөөктөрү, тамагы ооругандарда бул диетаны кармоого тыюу салынат. Муз диетасын Британиялык окумуштуу Пета Бин ойлоп тапкан. Ал бул боюнча китеп дагы жазгандыгы айтылат.

Бир литр сууга ар кандай татымдагы смузи кошулмаларын кошуп, аны муздаткычка салып коёсуз. Даяр болгон тоңдурманы күнүгө алты апта бою, жеңил тамактар менен кошо үч маал жеп туруу керек. Дарыгерлердин айтымында, ашказанга түшкөн музду эритүүгө денебиз бир топ энергия жумшайт экен. Дене дал ошол энергияны жумшайм деп жатып, ашыкча салмактан арылуу жолуна түшөт.

БУЛАК: zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу