Артында шакмары көп Пирматов камаларын билип…

Соңку убакта Исхак Пирматов Жогорку Кеңештин жыйындарына толук кандуу катышпай калганы, «сыркоолоп» жүргөнү эмнеден кабар берет? Жапжаш кычыраган жигиттин буйдалып атканы кандай? А бизге жеткен маалыматтар боюнча, күч органдары Пирматовдун коррупцияга шектүү иштерин иликтеп, камакка алууга аз эле калганы каңкууланууда. Мына ушундай жагдайдан улам, ал качып кетүүгө чолоосу жетпей, түрдүү амалдарды ойлоп атабы? Аз күндө бул боюнча сенсация жаралып, Исхакты камап, миллиондогон долларбайларын казынага төктүрүшсө эл колдойт да, туурабы? УКМКнын кыраакы кызматкерлери катуу киришсе жөн эле «кустурат» да. Ай ким билет? Ушул күндөрү аны арачалап калуу үчүн ортомчулар жогору жакка чыгып атышса, анда мурдагысындай эле Пирматов тайраңдап жүрө берет го?..

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу