Артыкбаевди да акыры айттырышты…

ЖК депутаты, учурда ТЭЦтин ызы-чуусу менен абакта жаткан Осмонбек Артыкбаевдин мурунку президент Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө бергени белгилүү болду. Бул тууралуу ЖКнын тартип сактоо, кылмыштуулук жана коррупция менен күрөшүү комитетинин отурумунда белгилүү болду. Алмазбек Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу үчүн түзүлгөн атайын комиссия ишин жыйынтыктап жатып,анда Алмазбек Атабаевдин Бишкек ЖЭБге көмүр алып келүүгө тийешеси бары айтылган. Экс-президент “Прогресс компани” компаниясынын кызыкчылыгын коргогон. Атамбаевдин катыштыгы бары, ушул маселе менен күнөөлөнүп жаткан мурунку Отун, энергетика министри Осмонбек Артыкбаевдин көрсөтмөсү далил. Албетте, ар кимге жан керек. Айт десе, жанын коргоо үчүн баарын айтат. Ушул ахыбал Артыкбаевге да келген экен.  БУЛАК: Багыт.кж 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу