Арсыз аяшымдын кесепетинен досумдун бетин карай албай жүрөм

Досум Фархаддын бетине тик карай албаганыма көп болду. Ал чакырган жерге түрдүү шылтоо айтып качып жүрөм.
Фархад, Нургул, мен үчөөбүз бирге өстүк. Бир класста окудук, Мектеп аяктаган соң Нүргүл экөөбүз Университетке тапшырдык. Фархад окууга өтө албай, айылда калды. Нүргүл келбеттүү кыз эле. Экөөбүздүн ортобузда махабат оту тутанды. Бирок аны айылда иштеп жүргөн Фархад билген жок. Анын да Нүргүлдү жакшы көрөөрүн билчүмүн, бирок сезимин айта алган эмес. Мага гана Нүргүлдү аябай жакшы көрөөрүн айткан. Бир универститетте бирге окугандыктан менин жолум болду. Бир күнү студенттик кечтен чыккан соң Нүргүлгө сезимимди билдирдим.

Кыз каршы болгон жок, ал да мени жактырып жүргөнүн айтты. Сүйлөшүп жүрдүк. Экөөбүздүн жүргөнүбүздү Фархад билген жок.

Бирок үчүнчү курска жеткенде Нүргүлгө болгон сүйүүм өзгөрдү, аны таштап башка кыз менен сүйлөшүп кеттим. Көп узабай Нургул Фархад менен сүйлөшүп баштаганын уктум. Дагы бир жыл өткөн соң, экөө үйлөнүштү. Ар кайсы кыз менен жүргөн мен бир убакта башым бош болуп, жалгыз калдым. Бул убакта алар бактылуу үй бүлө эле. Мен алар менен алыс эле катышып жүрдүм. Анткени Нургүл экөөбүздүн буга чейинки махабатыбызды Фархад билип калабы деп ойлочу элем. Кээде алардын үйүнө барсам экөө тең биринен бири өтүп сыйлашып, коноктошот.

Мен тек гана Нүргүлдүн көздөрүнөн мага болгон сезимдерин байкачу элем. Ошентип күндөр өтүп жатты.

Бир күнү Фархад 3-4 күнгө жумуштап алыс кеткен экен. Нүргүл мага чалып: «Келип кетчи, айтчу сөзүм бар эле » деди. Кечинде жумуштан чыккан соң жөнөдүм. Ал дасторкон жазып, тамагын жазап күтүп жаткан экен. «Неге чакырдың «- дедим. Ал:» Ал — жай сурашып, кобурашып отурсак болбойбу?» деп койду.

Ошентип, ичимдик ичип, студенттик кездерди эстеп отурдук. Шараптын ичип алгангабы айтор бир кезде Нүрүлдү кучактап жыгылдым. Кичинекей баласы ыйлактап жаткан эле, аны караган киши жок. Нүргүл каршы болгон жок. «Сен менин алгачкы махабатымсың, сени дагы деле жакшы көрөмүн, досуң жокто келип турчу» деп койнума кирип келди. Андан ары эмне болгонун билбейм. Эртең менен турсам Нүргүл жанымда дырдай жылаңач жатыптыр.

«Фархадтын бетин кантип карайм»-деп үйдөн чыгып баратсам, Нүргүл мойнума асылып, «досуң бүгүн дагы келбейт. Кечке калчы»-деп ыңгыранды. Уялган түрү жок.

«Сен мени арак ичкизип, уят кылдың, кет нары «- деп үйдөн чыгып кеттим.

Ошондон бери ал үйгө басып барбайм. Досу чалып «кабарлашпайсын, келбейсиң» эле дейт.

Бир күнү телефон чалып: » Досуң дагы кетти, өткөндөгү күндү сагындым, бир келип кетчи «-дейт. Ачуум менен «Ким менен жатсаң, ошо менен жата бер! Сенин айынан досума жолуга албай жүрөм» деп коюп салдым. Эми смс жазганын койбойт.

Фархадга баарын айтсамбы? Же эч нерсе болбогондой жүрө берсемби? Баарыбир аягы ачылчудай боло берем. Же жумушту таштап башка шаарга иштеп кетсемби? Бир чечимге келе албай жүрөм…

Булак: «Айымдар кж»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу