Апта: экс-президенттин «каршылыгы»

Узап бараткан апта ичиндеги урунттуу окуяларга сереп.

Кыргызстан Социал-демократтар партиясында кризис уланууда. Бул жолу ал саясий кеңештин парламенттеги фракция лидери Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу иши менен коштолду.

31-октябрда Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңеши Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө шашылыш чечим кабыл алып, партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттарына да аны кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Бул Таласта, Ысык-Көлдө, Нарында жана Чүйдө “Атамбаевсиз КСДП” деген ураан менен жыйындарды өткөргөн, былтыркы президенттик шайлоонун алдында партиядан чыгарылган Сагынбек Абдрахманов баштаган адамдарды Иса Өмүркулов фракция лидери катары кабыл алгандан кийин болуп отурат.

Өмүркулов саясий кеңештин аны партиядан чыгаруу тууралуу чечимин мыйзамсыз деп баалап, фракция башчылыгынан кетпей турганын билдирди. Ал 1-ноябрда Жогорку Кеңештеги басма сөз жыйынында “Атамбаевсиз КСДП” аттуу кыймылдын өкүлдөрү менен жолукканын бышыктап, бирок кандайдыр бир позициясын билдирбегенин айтты:

— Бир нече облустан, бир нече партиялык уюмдардан келген делегацияны кабыл алгам. Бирок мен өз позициямды айткан эмесмин. Эмне себептен мени партиядан чыгарышканын билбейм. Мен, мисалы, эч мыйзам бузган жокмун. Партиялык тартипти бузган жокмун, партиянын программасын, уставын тутуп келем. Мен бул партияда 25 жылдан бери, түптөлгөндөн бери келе жатам. Бул партия менен Акаевден баштап, Бакиевдин дооруна чейин башыбыздан бир топ кыйынчылыктарды өткөрдүк. Өмүрүмө, үй-бүлөмө кол салуу болгондо да партиянын идеясы үчүн тайманбай аягына чейин тургам. Бир ууч, жети-сегиз адам чогулуптур, саясий кеңештин бул чечими легитимсиз. Мага “чыккынчы” деген да сөз айтылып жатат. Мага каршы добуш берген адамдарды чыккынчы деп эсептейм. Булардын аракети революцияда курман болгон балдардын элесин, идеясын сатуу болуп эсептелет. Ыңкылап өзүнүн үмүтүн актаган жок.

Кыргызстан социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинде 32 адам бар. Экс-президент Алмазбек Атамбаев партия төрагасы болуп быйыл март айында кайра шайланган жана анын ар бир ишин өзү көзөмөлдөйт.

Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жыйынына саясий кеңештин мүчөлөрүнүн канчасы катышканы белгисиз. Партиянын парламенттеги депутаты Ирина Карамушкина жыйын легитимдүү болгонун, ага 10 адам өзү, тогуз адам ишеним кат менен катышканын маалымдады:

— Бардык айткан сөздөрүбүзгө, убадаларыбызга, максат-милдеттерге биз, партия жооптуубуз. Ал тургай Сооронбай Жээнбековдун иш-аракеттерине да биз жооптуубуз. Иса Өмүркулов боюнча фракциянын чечими маанилүү деле эмес. Саясий кеңеш — бул жогорку орган. Анда кабыл алынган чечимдер аткарылышы керек. Анын партиянын катарынан чыгарылганы эми партиянын тарыхында жазылып калат. Бизде кечээ саясий кеңештин жыйыны болду, кворум болду, он адам катышты, тогуз адам ишеним каттарын берди. Партия азыр оор, кыйын учурду башынан өткөрүп жатат. Эң коркунучтуусу — партиялаштарга куугунтук башталды.

Иса Өмүркулов, өзү айткандай, партия катарында 25 жылдан бери келе жаткан ардагер мүчөлөрдүн бири, 2016-жылы парламенттеги фракция лидери болуп шайланган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде анын демилгелерин дайыма колдоп келген.

2016-жылы ноябрда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын ошол кездеги лидери жана депутаты Өмүрбек Текебаев президент Алмазбек Атамбаев жана анын тегереги бийликти узурпация кылып алганын айтып, президентке импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндө, Өмүркулов ага каршы чыккан. Тескерисинче “Алмазбек Атамбаевди журттун атасы, Конституциянын гаранты” деп атаган.

2017-жылы президент менен депутат Жанар Акаевдин ортосунда карама-каршылык жаралып, депутатты фракциядан чыгаруу сунушу түшкөндө Иса Өмүркулов фракция башчысы катары эл өкүлүн мүчөлүктөн чыгарууну жактаган.

Ким ким менен?

Бирок экс-депутат, КСДПнын мүчөсү Мээрбек Мискенбаевдин айтымында, Өмүркулов быйылкы жылдан бери партия жетекчилиги менен кызматташуудан оолактай баштаган:

— Ал ала жазда биздин лидер Алмазбек Шаршенович менен жолуккан. Бирок күздө да жолуккам деп айтканы туура эмес. Саясий кеңеш канча жолу чакырса да барган эмес. Ал эми бүгүн ал партияны бөлүп-жарып, саткынчылык кылганы үчүн чыгарылды. Иса Шейшенкуловичтин ою Асылбек Жээнбеков менен бир. Алардын бирден бир максаты жана ою партиянын лидерлигине Иса Шейшенкуловичти алып келүү. Бул алты-жети айдан бери эле келе жаткан иш. Мунун баары бүгүн ачыкка чыкты. Иса Шейшенкуловичтин жана “Атамбаевсиз КСДП” дегендин артында Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков турары бизге белгилүү болду.

“Атамбаевсиз КСДП” ураандары менен жыйын өткөрүп жүргөн Сагынбек Абдрахманов алардын артында президенттин иниси, депутат Асылбек Жээнбеков турат деген сөздөрдү четке какты:

— Мээрбек Мискенбаев өзү партияга кечээ эле келген киши. Ал азыр да өтө жаңылыш нерсени айтты. “Атамбаевсиз КСДП” деген кыймылды Жээнбекову жок эле биз өзүбүз мурдатан эле баштаганбыз. Себеби 2010-жылы Атамбаев партияны узурпациялап, ээр токумдан кыйшайып жатканда эле биз “Алмаз Шаршенович, сиз партияны жеке менчикке айландырып, узурпация кылганыңыз туура эмес” деп айтып келгенбиз. Биздин кыймылга Асылбектин, анын бир туугандарынын же президенттин эч кандай тиешеси жок.

Кыргызстан социал-демократтар парламенттеги 38 депутаты бар эң чоң фракция. Азыр анын канчасы экс-президентти колдоп, канчасы азыркы мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековдун айланасына ыктап турганы тууралуу так маалымат жок. Бирок эл өкүлдөрүнүн көбү экс-президенттен оолактап кеткенин Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын 2-ноябрдагы билдирүүсүнүн мазмуну күбөлөп тургансыйт.

— Партиянын саясий кеңеши саясий чечим кабыл алды. Иса Өмүркулов саясий жактан да, моралдык жактан да КСДП фракциясынын лидери болууга укугу жок. Ал эми КСДПнын тизмеси менен парламентке келген депутаттар кандай чечим кабыл алаарын алардын абийирине коёбуз. Алар өзүнө: “Мен шайлоочулардын жана партиянын лидери Алмазбек Атамбаевдин көзүнө кантип карайм?” деген суроо бериши керек, — деди “Азаттыкка” партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева.

Партиянын акыркы бул билдирүүсүндө Иса Өмүркуловду кызматтан кетирүү тууралуу саясий кеңештин чечими фракциянын ар бир депутатына жөнөтүлөрү да кабарланган.

«Аксакал» партиянын абалы

Кыргызстанда чейрек кылым тарыхы бар, коомдук-саясий турмушта туруктуу келе жаткан эки партия бар болсо, анын бири — Социал-демократтар. Экинчиси учурда лидери камакта отурган – “Ата Мекен” партиясы.

Былтыркы президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда партия ичиндеги атаандаштык жок болуп жатат деген нааразылыктарга карабастан, КСДП Сооронбай Жээнбековду президенттикке талапкер кылып чыгарган. Активист Адил Турдукулов партиянын айланасындагы азыркы кырдаалды мындайча баалады:

Адил Турдукулов.

— Мен КСДПнын ичинде болуп жаткан тирешти Атамбаевге чабуул катары баалайм. Аны кайра саясатка келтирбөө жана башка саясий күчтөрдү өзүнүн айланасына чогулттурбоо максатында ошондой иштер жүрүп жатат. Ачык эле айтышыбыз керек, бул бийлик тарабынан жасалууда. Бирок менин оюмча партиянын ичиндеги ротация принцибин кабыргасынан коюу бул туура нерсе. Анткени 1990-жылдары башталган “Ата Мекен”, КСДП жана “Ар-намыс” партияларын карап көрсөк, 30 жылдан бери баягы эле лидерлер отурат. Ошон үчүн Атамбаев да бул кризистен чыгуу үчүн ротация жүргүзүүнү өзү сунушташы керек.

Социал-демократтар партиясы 1994-жылы түптөлгөн. Ал 2005-жылкы жана 2010-жылкы ыңкылапта бийликке каршы чыккан элди уюштурууда чоң роль ойногон. Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдон тышкары, экс-президент Роза Отунбаева да учурунда бул партиянын катарында депутат болгон.

Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевдин президенттиктен кеткенден кийин кайра саясатка келем деген аракеттерин сындады:

— Ушул тагдырына кайыл болуп, “мураскорум, сен иште” деп, саясатка аралашпай отурса, аягы жакшы болот. “Сени мен адам кылганмын” деп күпүлдөй берсе, аягы жаман болот. Экс-президент катары Отунбаевага окшоп же башка экс-президенттерге окшоп фонд ачып, мемуар жаз, кайрымдуулук фондун түз.

Улуттук коопсуздук комитети экс-президент Алмазбек Атамбаевдин эң жакын адамы, 20 жылдан ашык мезгилден бери шоопуру жана жардамчысы катары иштеп келген Икрамжан Илмияновду 19-октябрда Москвадан кармап келген. Ага чейин Атамбаевдин Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев сыяктуу бир канча кызматташ, жакын адамдары кармалды. Исаков партияда төраганын орун басары болсо, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов, Осмонбек Артыкбаев саясий кеңештин мүчөлөрү.

Ал эми айрым талдоочулар Кыргызстан социал-демократтар партиясынын Өмүркуловду партиядан чыгарган талаштуу чечими сотко чейин жетиши мүмкүн экенин айтышууда. Кандай болгон күндө бул талаш эмне менен бүтөрү, партиянын катарында кимдер калары эки жылдан кийинки парламенттик шайлоого утурлай билинмекчи.

Трамптын мигранттарга каршы саясаты

АКШ-Мексика чегиндеги аскерлеринин санын 15 миңге чейин көбөйүшү мүмкүн экенин президент Дональд Трамп шаршембиде билдирди.

— Күзөтчүлөргө, иммиграция жана бажы полициясына, дегеле чек арадагы кимге болбосун кошумча жиберилген аскерлерди 10-15 миңге чейин жеткиребиз. Эч ким киргизилбейт. Биз адамдардын кирип кетишине жол бербейбиз.

Трамп бул сөзүндө Борбордук Америкадан АКШны көздөй келаткандарды эске алды. Ал буга чейин, ушул жумада эле чек арага 5 200 аскер жөнөткөн болчу. “Ишенимдүү патриот” деген операцияда негизинен Техас, Аризона, Калифорния штаттарында чек араны бекемдөөгө көңүл буруларын АКШ армиясынын Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгынын башчысы, генерал Терренс О” Шогнесс билдирген:

— Биз чек аранын коопсуздугу – улуттук коопсуздук экенин билебиз. АКШ аскерлери Бажы жана чек ара коопсуздук​ күчтөрүнө чек араны бекемдөөдө мүмкүнчүлүктөрүн арттырат.

Адегенде миңдеген киши жөө-жалаңдап Гондурастан чыгып Кошмо Штаттарга бет алган. Аларга жолдон коңшу Гватемала менен Сальвадордун тургундары да кошулду. Бул жумада да Сальвадордон чыккан 150 адамдан турган мигранттар кербени АКШга карай жолго чыкканы маалым болду. Алар өз мекениндеги зомбулук менен ачарчылыктан качып жумуш, жакшы турмуш издеп баратышканын айтышат.

Миграциялык катаал саясат жүргүзүүгө мурдатан убада берип келген Трамп аларды өткөрүп жибербөөнү Мексикадан талап кылууда. Мексиканын бийлиги башкалка жана жумуш сунуш кылгандыктан, 1700 киши ошол жерде калууга макул болсо, АКШга баруу ниетинен кайтпагандар да аз эмес.

Чиедей эки кызы менен мигранттарга кошулган гондурастык Гина Жакуэлина Андинонун көздөгөнү АКШга жетүү болуп турат:

— Атабыз транспорт компаниясында иштечү. Ал жерде аны “өлтүрөбүз” деп коркуткандар болду. Биздин мигранттарды АКШнын чек арасына чейин жеткирген аткезчилерге төлөп бергенге акчабыз болгон жок. Ошондуктан кербенге кошулууну чечтик. Биздин көздөгөнүбүз – Кошмо Штаттарга жетүү. Кудайдын жазганын көрөбүз да. Эгер болбой калса, кайсы бир жерден башпаанек сурайбыз. Бирок биз Гондураска кайтып барбайбыз.

Эгер Мексика менен чек арадагы аскерлер 15 миңге жеткирилсе, бул сан Ирак менен Сириядагы террордук топко каршы күрөшкөн америкалык аскерлердин санынан ашат.

АКШ президенти миграция саясатына байланышкан риторикасын 6-ноябрдагы Конгресстин шайлоосунун алдында күчөттү. Кийинки жумадагы шайлоодо Эл өкүлдөр палатасынын толук курамы, Сенаттын үчтөн бир бөлүгү кайра шайланганы турат. Республикачылар Конгресстеги эки палатада тең үстөмдүгүн сактап калууга аракеттенүүдө.

Айрым талдоочулар Трамп өзүн шайлоочуларга АКШны мигранттардан коргоп жаткандай таасир калтыргысы келет деп эсептешет. Ал ушул жумада өзү да борбордук америкалык мигранттардын агымын “басып алуу” деп атады.

Трамптын экинчи демилгеси

АКШ президенти ушул жумада миграциялык саясатка байланыштуу дагы бир талаштуу демилге менен чыкты.

Кошмо Штаттардын Конституциясына 1868-жылдын 9-июлунда ​14-өзгөртүү киргизилген өзгөртүүгө ылайык, өлкө аймагында төрөлгөндөрдүн баары АКШ жаранына айланат. Бирок Трамп бул жобону мыйзамсыз жол менен келген мигранттар да колдонуп жатканын белгилеп, аны президенттин жарлыгы аркылуу эле жокко чыгаруу мүмкүн экенине токтолду:

Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл. Дональд Трамп кабарчылардын суроолоруна жооп берүүдө. Вашингтон, 2-ноябрь, 2018-жыл.

— Мага бул үчүн конституциялык түзөтүү керек деп такай айтып келишти. Эмне үчүн андай? Биринчиден, мунун эч зарылдыгы жок. Экинчиден, муну Конгресс кабыл алуучу мыйзам аркылуу деле жасап койсо болот. Кимдир бирөө Кошмо Штаттарга келип, балалуу болот, баласы АКШ жаранына айланат. Биз дүйнөдө мындай саясатты карманган жалгыз мамлекетпиз. Бул абдан күлкүлүү саясат, ал токтотулушу керек.

Бирок, Трамп айткандай, Кошмо Штаттары өз аймагында төрөлгөн балдарга дароо жарандык берген жалгыз өлкө эмес. Мындай мыйзамдык жобо Канада, Мексика, Бразилия, Аргентина жана башка өлкөлөрдө деле бар.

Ал эми президент конституциялык жобону өз алдынча эле жоюп сала албасын Конгресстин Эл өкүлдөр палатасынын спикери, Республикалык партиянын лидерлеринин бири Пол Раян да эскертти:

— Эл өкүлдөр палатасындагы республикачылар жана азыркы президент мыйзамсыз миграцияны токтотуу зарылдыгына толугу меннен макулбуз. Бул үчүн чек арабыздын коопсуздугун чыңдап, мыйзамдарыбызды оңдошубуз керек. Анткен менен ал чараларды Сенат аркылуу өткөрүү кыйынга турууда. Демек, бул жерде ыкчам жана акылга сыярлык чечим — мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү. Биз албетте муну колдойбуз. Бирок мен Конституцияга жана ал кандай жазылса, ошондой чечмеленишине ишенем. Демек, бул сиз бизге тиешелүү нерсени буйрук менен эле жасай албайсыз дегенди билгизет.

Президент Дональд Трамп шайлоо өнөктүгү учурунда эле мигранттарга каршы катаал саясат жүргүзүүнү убада кылган. Анын Мексика менен чек арада мыйзамсыз мигранттар өтө алгыс дубал куруу, алты мусулман өлкөлөрүнүн АКШга киргизбөө сунуштары да карама-каршы пикирлерди жараткан.

Булак: Азаттык 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу