Апта. Жогорку Кеңештин үй-жайы жок депутаттары

Бул жумада Мамлекеттик салык кызматы Жогорку Кеңештин үй-жайы жок делген, кембагал депутаттарынын декларациясын жарыя кылып, бул маалыматтар социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Айрыкча, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов менен Президенттин кудасы Алиярбек Абжалиевдин «өз үйү, өлөӊ төшөгү жоктугу» элдин боорун оорутту окшойт. Тактап айтканда, Жогорку Кеӊештин депутаттарынын декларацияларында көпчүлүгүнүн баш калкалаар жайлары жок деп көрсөтүлгөн экен. Алардын декларациясындагы кыймылсыз мүлк деген графада ар кандай курулуштар, пансионаттар же өндүрүш обьектилери жазылганы менен үй-жайлары көрсөтүлгөн эмес. Үйү жок депутаттардын арасында Жыргалбек Турускулов баш болгон “Республика – Ата Журттун” фракциясынын 15 депутатынын, КСДПнын 13 депутатынын үй-жайлары жок экен. “Кыргызстан” фракциясынын 8 депутаты, “Бир Бол” партиясынын 3 жана “Өнүгүү-Прогресс” жана “Ата Мекен” фракциясынын 4 төн өкүлдөрүнүн батирлери жок болуп чыккан.

Атамбаев эмне кылса өзү билет…

«Азия Ньюс» гезити «саясатчы Равшан Жээнбеков «Форумдун» имаратына кадам салып, Алмазбек Атамбаев менен кенен маектешип чыкты. Бул жолку сүйлөшүүсүндө Равшан мырза толук кандуу КСДПга оогону, келечекке карай бул жээкте чогуу саясатты жүргүзүүгө убадалашканы да угулду» деп жазып чыгып, бул коомчулуктун талкуусун жаратты. Саясатчы Равшан Жээнбеков өзү Алмазбек Атамбаев экөөнүн маеги кимдерди кызыктырса, жооп берүүгө даяр экендиктерин айтып, ого бетер элдин бүйүрүн кызытты.
Буга чейин КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаевдин саясаттан биротоло качан кетээри боюнча айтып берген эле. КСДПнын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева экс-президент Алмазбек Атамбаев өз оюн алмаштырбаганын жана бийик саясий орундукка отурбайт деп так кесе жооп берген. «Алмазбек Шаршенович мурдараак белгилегендей мамлекеттик кызматка баруу ниети жок. Биздин максат- Кыргызстанда парламенттик режимди куруу. КСДП 2020-жылдагы шайлоого барат жана анын башында Алмазбек Атамбаев турат, бирок ал депутат болбойт»,-деген Жолдубаева.
Партиянын өкүлү «КСДП катарына жаңы адамдарды кошуу аракетин көрүп жатат, качан гана партияны ишеничтүу колго өткөрүп берген соң Алмазбек Атамбаев эс алууга кетет» деп кошумчалаган. Мындан улам коомчулук экс-президенттин март айында болгон маалымат жыйында «Менин максатым бийлик эмес, премьер-министрдин орду эмес, мен 2020-жылдагы шайлоого партияны даярдайм»,-деген сөзүн эске салып, кулак түрүп турган учуру.

«Үч периште» менен ылай кечкен министр..

Камакта жаткан мурдагы Өкмөт башчы Сапар Исаковдун дагы бей-бечараларды маӊдайынан сылаган сүрөттөрү социалдык тармактарда көп жарыяланып, Өкмөт башчыны мактаганы мактап, сындаганы сындап калчу. Бул жумада эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоровдун ылайдын салынган үйдүн алдында ылай кечкен сүрөтү талкууга түштү. Сүрөткө ичи жылыган айрымдар “Министр сайрандап чет өлкөгө эмес, каякка барыш керек экенин көрсөтүптүр. Жанагы жумуштан кеткен үч “периште” ушул тараптарга бир жолу басып барышты бекен?”,-деп дагы суроо салышты. «Министрдин сүрөтүн эмес, ишин мактайлы» деген пикирлер дагы арбын. Унчукпаганы менен Улукбек Кочкоров деле фейсбукта көпотурчу эле. Ушул сүрөттөн улам бир топ маселени четке какпай жетим-жесирлердин жашоосун жакшыртууга салымын аябаса керек.

Алар биздин кесиптештер эле…

Узап бара жаткан жуманын көрүнүктүү окуясы көздөрү өткөн журналисттерге куран окутуу иш-чарасы болду. “Басма сөз жана маалымат” күнүнүн алкагында “Кыргыз тилектештиги” коомдук уюмунун негиздөөчүлөрү Элнура Кулуева, Сайрагүл Дуулатова, Дана Абдыбекова, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун аракети менен кыргыз журналистикасында эгемендүүлүк жылдардында эмгектенип көздөрү өткөн журналисттерге фото-галерея уюштурулуп, куран окутулду. Мындай демилгелүү иш чара Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулгандыгын иш чаранын катышуучулары белгилешип, фото-галереяга маркум журналисттердин жакындары, кесиптештери, саясатчылар, кыргыз Өкмөтүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, маркумдарды эскеришти. Фото-галерея Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетинин жамаатына өткөрүлүп берилди. Уюштуруучулардын маалыматына караганда кыргыз журналистикасында эмгектенип, көзү өткөн кесиптештерди эскерүү күнү тууралуу документалдуу фильм тартылып, атайын эскерүү китеби жарык көрмөкчү. Учурда алар тууралуу маалыматтар дагы такталып, кошумчаланууда.

Булак: Govori.tv 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу