Корутунду
Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, спикер Чыныбай Турсунбеков, башка өкмөт мүчөлөрү, Жогорку Кеңеш депутаттары курман болгондордун үй-бүлөлөрүнүн мүчөлөрү, жараат алгандар жана башка катышуучулар менен бирге “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик революциясынын баатырларын эскеришет. Курман болгондордун эстелигине гүлчамбар коюлуп, куран окутулат.
Апрель элдик революциясынын күнү Бишкек, Ош шаарларында жана бардык облустук, райондук борборлордо да белгиленет.
Буга чейин 7-апрель «мамлекеттик майрам жана иш күнү эмес» деп жарыяланган.
2010-жылы 7-апрелде мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккан эл аны бийликтен кууган. Куралсыз элге ок атылып, 87 киши набыт болгон. Жүздөн ашуун адам жараат алган. Президент үй-бүлөсү, жакындары менен чет элге качкан. Учурда Беларуста башпаанек тапкан.
Булак: Азаттык