Анжелика: «Эки жылда 20 өлкөнү кыдырдым, Кудайга шүгүр…»

Ырчы Анжелика өзүнө жазылган сындардын бирине жооп катары өздүк баракчасына төмөнкүчө жооп жазып калтырды: “Бүгүн бирөө комментарий калтырыптыр «Анжеликанын акчасы Казакстанга эле жетсе керек, Дубай, Тайландка барбады» деп. Кыздарым Алматы шаарын көрө элек болчу — жаныбыздагы кошуна өлкөдө конок болдук. Абдан жакты.
Бир жылмайып койдум, акчамды ойлогондор да жок эмес экен деп. Үй алып, үйүмдү ремонттоп, ичин толтуруп жатам , кыздарымды киргизип, анан планда көрө элек өлкөлөргө саякаттоо (планда быйыл 18өлкө бар).
Эки жылда 20 өлкөнү кыдырдым, Кудайга шүгүр.
Дубайга он жылдан бери каттап жүрөм жалгыз эмес айымдарды балдары менен эс алдырып…” –дейт ырчы Анжелика.

БУЛАК: argument.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу