Анжелика колун эмнеге арстанга тиштетти? Ырчы эмне үчүн чачын кыркып салганынын себебин айтты…

Ырчы Анжелик Кайратованын жашоосу дайыма эл оозунда талкууда болуп келет. Ырчы да мындай талкууларды токтотууга аракет кылуунун ордуна тескерисинче элден өзгөчөлөнүүгө аракет жасайт.

Бир аз убакыт мурда Анжелика чачын «каре» стилинде кыркып салганын кабарлаган эле. Көпчүлүк ар түрдүү суроолорду жазып калтырышса «баардык суроолорго жакында жооп аласыздар» деген жообун бергени бар.

Эми минтип жаңы клип тартып жаткандыгын кабарлады. Болгондо да ырчы клипке кичинекей арстан менен тартылды. Бул тууралуу өзүнүн жеке баракчасына:

«Бишкектен Алматы шаарына түшкү үчтө чыгып, түнкү үчтө үйгө аман-эсен кайтып келдик. Мая аттуу кичинекей арстан менин клибиме тартылды. Кучактап турган учурларды тартууда колумдун баарын жакшы эле тиштеттим окшойт» -деп жазып койду

буга ырчынын күйөрмандары жакшы каалоо-тилектерин жазып калтырышууда.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу