Англияда ата-эне кызынын органдары менен беш баланын өмүрүн сактап калды…

Улуу Британияда 10 жашар кызынын жүрөгүн, өпкөсүн, боорун, уйку бези менен эки бөйрөгүн муктаж наристелерге берген ата-эне беш баланын өмүрүн сактап калды. Бул тууралуу The Mirror басылмасы жазды.

Англиянын Херстпирпойнт кыштагында жашаган Элла Тэтчер балдар арасында сейрек кездешүүчү талма — Драве синдрому менен жабыркап келгени айтылат. 10 жаштагы кыздын ата-энеси чүрпөсүнүн жакшы болорунан үмүт үзгөн эмес.

2018-жылы Элла илдети күчөп, ооруканага түшөт. Кайсы бир мезгилде анын дем алышы да токтоп калганы айтылат. Дарыгерлер кыздын эсине келтирип, дароо Лондондогу балдар ооруканасына жеткиришкен.

«Карап көрүп, доктурлар мени менен сүйлөшүү ниетин билдиришти. Дароо бир жамандыкты сездим. Врачтар Элланын мээси шишип кеткенин, ал ушу тапта өлүк экенин айтышты», — деп ал күндү эскерген кыздын апасы Анна.

Жасалма дем алуу аппаратын өчүрүп жаткан маалда ата-эне кызынын жанында эле.

«Колубуздан эч нерсе келбей калганда органдарын башка бирөөлөргө берүү тууралуу ойлондук. Элла беш балага өмүр тартуулады», — дейт Анна.

Оорудан көз жумган кыздын энеси ушундай кыйын кырдаалга туш болгон ата-энелерге башка бейтаптарга жардам берүү зарылдыгын эскертет. Ал «балаңызды кайтара албасаңыз да кимдир бирөөнүн өмүрүн сактап калсаңыз болот» дейт.

Булак: «sputnik.kg»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу