Ангинадан айыгуунун жолдору…

Ангина – дем алуу жолдоруна терс таасир берген, кышында башыбыздан бир жолу болсо да өткөн оору. Кыштын күнү ансыз да алсыраган организмибизге зыянын тийгизген ангинадан айыгуу жолдорун билип алыңыздар.

Ангина болгон кезде тамакты чайкап туруудан чарчабаңыз. Бул көп дарыгерлердин айта турган кеңеши. Ошол үчүн тамакты эмне менен чайкаш керек?

Жылуу кайнатылган сууга 1 чай кашык сода, 1 чай кашык туз жана 5 тамчы йод эритиңиз. Эвкалипт майынын бир нече тамчысын кошсо да болот. Көп-көптөн чайкап, чайкагандан кийин бир нече убакыт эч нерсе жебеңиз.

Ромашка же башка дарылык касиети бар чөп чарларды кайнатып ага эвкалипт майын кошуңуз. Күнүнө 4-5 жолу чайкаңыз.

Шалфей кайнатмасы да ангинага каршы эң жакшы дары. Чайкагандан кийин, эч нерсе ичип-жебегенге аракет кылыңыз.

Бал мому. Ал тамактын шишигенин басып, дарылайт. Ангина менен ооруп баштаганда, даро бал момун соруп жүрүүнү адатка айлантыңыз.

Лимон. Лимонду тилимдерге бөлүп, соруп жүрүңүз. Андан кийин жылуу чай ичип, кийинки лимон тилимин оозго салыңыз.

Ингаляция жасаңыз. Тамакты бууландыруу аркылуу, аны абдан жылытып дарылай аласыз. Мисалы, картошканы бышырып, суусун төкпөй ичине 3 тамчы йод, бир нече тамчы скипидар, бир кашык сода салыңыз. Үстүн сүлгү менен жабып, буу менен дем алыңыз.

Пияз. Пияз ширесинин 1 кашыгын ичүү аркылуу ангина менен биротоло кош айтууга болот. Аага чыдабайм десеңиз, пиязды майда кылып турап, ингаляция жасаңыз.

Капуста компресстери. Моюнуңузга бир нече жалбырак ороп жатыңыз. Үстүнөн шарф байлап, уктаңыз.

БУЛАК:zaman.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу