«Амир Аскаров сындаганды коюп, ошонун деңгээлине жетип алсын». «Кеңеш» тобу менен ырчы Амир Аскаровдун чыры

«Кеңеш» тобу менен Амир Аскаров социалдык тармак аркылуу бири-бири менен кайым айтышууда. Алардын мындай пикир-келишпестигине ырчы Амир Аскаровдун маеги себеп болгон. Тагыраагы, ал жергиликтүү маалымат каражаттарынын биринде маек берип жатып «Кыргыз шоу-бизнесиндеги кайсы музыкалык топ жакпайт?» деген суроого «Кеңеш» тобу деп жооп берген.

«Кеңеш» тобу маектин ошол жерин кесип алып социалдык тармакка жүктөп, өздөрүнүн оюн калтырган. «Бул жигит ырчыбы, ким экенин билбейбиз. Бирок ушул видеону кыздар «сиздин оюңуз кандай?» деп жиберишиптир. Амир Аскаров, бир акырдан жем жейбиз. «Карга карганын көзүн чукубайт» дечү эле кыргызда. Биз сени эми көрдүк. Ырчы болсоң кулагыңа түйүп ал. Мүзүр Мамбетов «Кеңеш» тобунун жетекчиси, көптөгөн кыргыз элинин жүрөгүнө жеткен 50дөн ашык ырларды жаратты. Сахнага чыгып ырдаганыбызда эл кошо ырдады. Концерттерибизде эл батпай калган. Элдин тойлорунда кызмат кылдык. Кичинекей талантыбыз менен эл, жерди көрдүк. Бирок сага окшоп көз айнекти тагып алып орус эмес же кыргыз эмес болуп бирөөнү жагат, жакпайт деп сындабадык. Ойлонуп сүйлө, эртең эле ассалому алейкум деп сахнадан кезигип калабыз. Жакпасак ичиңе сакта, бир тууган. Булар жакпайт десең эле популярдуу болуп кетпейсиң», — деген. Бул билдирүүдөн кийин Амир Аскаров дагы өзүнүн оюн интернеттеги баракчасына жазып чыкты. Анда ырчы: «Легендарлуу топтун жетекчиси Мүзүр, мен таанымал эмес жигит болсом, анда менин деңгээлиме эмнеге түшүп жатасыңар? Мен өзүмдүн жеке оюм менен бөлүшө кетейин. Адамдар баарына эле жага бербейт. Жагайын деп аракет дагы кылбайм. Анткени мен Амир Аскаровмун. 10 жылдан бери сахнада жүрсөңүздөр, анда сиздерди кезиктирбептирмин. Мындан кийин дагы кезикпейбиз деп ойлойм. Менин өзүмдүн угармандарым, силердин өзүңөрдүн угармандарыңар бар. Жеке оюм дагы бар. Мен силер аркылуу өзүмдү пиарлап жатат десеңер тынчтангыла. Мен өзүмдүн чыгармачылыгыма 100 пайыз ишенимдүүмүн. Кимдир бирөөлөрдү мазактап хайп жаратуу мага кызыксыз. Мени түшүндүңүздөр деп ойлойм. Чыгармачылык ийгилик!» — деген. SUPER.KG порталы окуя боюнча «Кеңеш» тобунун ырчысы Гүлмира айымга байланышып, төмөндөгүдөй жооп алдык. «Негизи мен Амир Аскаровду тааныбайм. Мүзүр атын эле угуп жүрчү экен. Биз видеону чогуу көрдүк. Бирок социалдык тармакка мен чыгарып, ырчыларды эл таразалап, эл сындай турганын жаздым. Бизге деле жаккан, жакпаган ырчы бар. Бирок эл адамы болгондуктан андай ойлорубузду ичибизде калтырып, коомго чыгарбайбыз. Улуу сахнанын канчалаган кыйындары айтпаган сынды кечээги эле бала айтып чыкты. Ошондон улам бири-бирибизди сындаганды токтотолу деп эле айткым келген. Амир Аскаров журналист берген суроого жооп бердим, кечирип коюңуз дегендин ордуна кайра кайым айтышты. Ал буга чейин Дайыр Исмадияровду сындаптыр. Мен Амирге айтар элем, биринчи Дайырдын деңгээлине жетип ал», — деди топтун ырчысы. Ал эми Амир Аскаров музыкалык топту мазактабаганын, болгону жеке ою менен бөлүшкөнүн айтат. «Мен «Кеңеш» тобу жакпайт деп койгонум үчүн кечирим сурашым керек бекен? Ырчылар элдин катарына кирбейби? Мен ал жерде болгону берилген суроого жооп берип, өзүмдүн оюм, позициям менен бөлүштүм. Ал жерде топту жамандап же сындаган жокмун», — деген оюн айтат.

БУЛАК: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу