Альбина Имашева, актриса: “Жашым өтүп кете электе Жаңыл Мырзанын ролун ойносом сонун болгону турат”

Альбина карындашымды кыргыз журтчулугуна тааныштырып, кажети деле жок. Ар дайым жаркылдап жүргөнү жүргөн. А образ жаратууда ажаан, стерва аялзатын катыра ойногондо, төбө чачың тик түрат. Бүгүн биздин рубриканын коногу болду.

– Биринчи жолу мектеп босогосун аттаган күнүң эсиңдеби?

– Эсимде, аны унутуп болбойт. Август айында Бишкекке келип дарылангам. Эртең 1-сентябрь деген күнү ордо калаанын гүл саткан жерине барып, атайын жакшысын тандап бир букет гүл алдык. Жолду катар улам-улам кармалап, соолуп калбаса экен деп чыйпылыктап атып Бөкөнбаев айылыма жеткем. Эртеси андагы Карл Маркс атындагы мектебиме шанаңдап гүл көтөрүп баргандардын арасында меники ошо жерди «жарды». Элдин баары эле менин гүлүмө суктанып, көздөрүн албай карап аткандары күнү бүгүнкүдөй эсимде.

– Канча жашыңда биринчи жолу өз алдыңча тамак жасагансың?

– 5-классымда жасагам. Апам Балыкчы шаарындагы таятамды караганы кетип, үйдөгү жумуштардын баары мага жүктөлгөн. Анын ичинде тамак жасоосу да. Камыр жуурусам аным жуп-жумшак болуп калып, камырды майдалап үзүп, ага ун кошуп катуулатып, аны тердеп-кургап жайып, суюк кесмеге жараткам.

– Биринчи жолу эл алдына чыгып өнөрүңдү тартуулап көргөзгөн күнүң?

– Кийинки жылы эле болсо керек. Интермедия аткармак болуп, абышканын ролун жараткам. Ийримди башкарган эжейим, андагы залдагы көрөрмандар менин талантыма жакшы баа беришкен эле.

– Эң биринчи жолу ата-энеңдин мактоосуна качан татыгансың?

– Союз ыдыраган мезгил. Элдин басымдуу бөлүгү каатчылыкка туш болду. Ошол кезде биз да ата-энебизге жүк кылбайлы деген ниетте эжем экөөбүз Бишкекке атайын келип, бир мүшөк ундан нан жасап сатып, аны улап, мектепке даярданганыбыз аз келгенсип, ата-энебизге да кийим-кече алпарганыбызда, алардын мактоосуна татыганбыз.

– Биринчи тартылган тасмаң?

– 14 жашта болчумун. Актан Арым Кубат «Бешкемпирди» тартканы Тоң жергесине келди. Кастингге кыздар-балдарды тандап, анын ичинде мен да катышып калдым. Актан агайга менин уялчаак жагым жаккан окшойт. Ошентип биринчи жолу «Бешкемпирге» тартылып калдым. Бул менин биринчи кинотасмам болду.

– Алгачкы жолу кимден гүл алдың эле?

– Мектепти аяктап атканда бүтүрүүчүлөргө 1-класстын окуучулары гүл берет эмеспи. Ошондо мага каратору мотурайган бир бала чуркап келип, «Альбина эже, мобу гүл сизге» деп колума кармата коюп, тез эле кайра чуркап кетип калды. Ага чейинкилери эсте жок.

– Биринчи жолу качан өтө чоң суммада акча кармагансың?

– 2007-жылы Кыргызстан, Германия, Франция өлкөлөрү биргелешип тарткан «Тенгри» кино тасмасында башкы каарман Амиранын ролун ойногондугум үчүн беш миң евро колума кармагам. Ал кезде мен үчүн мындай акча өтө эле чоң болчу.

– Биринчи жолу эмнеден ыйлагансың?

– Бала кезде жыгылып кетип, туруп кетип, апаңды ээрчип ыйладың. Алардын баары эсепке кирбейт эмеспи. Эс тартып, чыныгы жашоонун чыйырында, драмтеатрдын босогосун аттап, айтылуу Муратбек Рыскулов залкардын уулу Искен Рыскулов агай менен иштешип калдым. «Кагылайын Манасым» аттуу спектаклинде күйөөсү өлгөн келиндин ролун аткарууда ыйлап кошок айтыш керек экен. Ушундай жоопкерчилик менин мойнума жүктөлдү. Искен агай колу менен гана жаңсап, «туура, туура эмес, күчөт, улант» дегендери бир башкача эле. Ошондо роль ойноп атып, залдын ичи толо көрөрмандардын катышуусунда образга кирип кетип, аябай шолоктоп ыйлагам.

– Эң акыркы жолу качан гүл алдың?

-Жаман арыма менде да азбы-көппү күйөрмандар бар экен. «Босого» жайлоосунда маданий иш-чара менен жүрсөм, ошол күйөрмандар тоо гүлүнөн бир кучак белек кылышты. Алып атып аябай толкундандым. Кубанычым, сүйүнүчүм жонтериме батпай, алып-учуп кете жаздадым. Мага тоо гүлдөрү абдан жагат.

– Өзүң жөнүндө акыркы уккан ушагың?

– Кээде кинодо тажаал, жаман оюн ишке ашырган, стерва аялдардын ролун ойноп калам. Ушул жаатта көрөрмандар «жашоодо деле ушундай стерва болсо керек» деп айткандары үйгө чейин мындан бир жума мурун жетти. Элдин антип айткандарына таарынбайм, туура эле кабыл алам. Тескерисинче, терс каармандын образын чыгара алып, жеткизе ойногонума ыраазы болуп калам. «Сиз жашоодо башкача адам турбайсызбы» дегендер да болгон.

– Акыркы жолу кимден, кандай белек алдың?

– Июнь айынын башында туулган күнүм болду. Жолдошум экөөбүз көчөдө жүргөн элек. Күтүүсүздөн эле зер буюмдарын саткан дүкөндүн жанынан өтүп баратып, ага башбакканда «өзүңө жаккан шакекти танда, баасына караба, мүчөл жашың эмеспи» деп калды.

Мен үчүн аябай эле кымбат баадагы көздүү шакекти, ага кошуп өзүм көптөн бери эңсеп жүргөн бир башкача дизайн менен сумкени жолдошум белек кылды.

– Акыркы аткарган ролуң?

– Мурунку «Алаамат келген күн» Антигону чыгармасын кыргызчалап Жаныш Кулманбетов агай жазып чыккан. Аны Замира Акылаева аттуу режиссер эжекебиз койду. Андагы Антигонунун эжеси Исмендин ролун аткардым. Мурунку ажаан, тажаал ролдордон айырмаланып, бул жерде үлпүлдөк, назик, эң жөнөкөй кыздын образын жараттым. Сынчылардын сынына толуптурмун, «аябай жакшы ачып бердиң» дешти.

– Алдыга койгон максаттар түгөнбөйт. Ошентсе да акыркы максаттарыңдын эң орчундуусу бардыр?

– Студенттик кезден бери Калича Сейдалиева эже сабак берип, кийин бизге өкүл апа, жолдошу Замир Сооронбаев өкүл ата болуп, баардык жагынан колдоо кылып келишет. Мына ошол эже Жаңыл Мырзанын ролун өз убагында катыра ойногон. Мага да «Жаңыл Мырзаны ойнойсуң, образын күчтүү чыгара турган актрисасың» деп келет. Жашым өтүп кете электе Жаңыл Мырзанын образын мейли кинодо, мейли сахнада жаратсамбы деген ой бар. Ошону менен катар жакынкы арада «ашуудан берген отчет» сымал чыгармачыл кечемди эл алдына тартууласамбы деген да максаттарым кезекте турат. Бул секрет болчу, сизди көргөндө чыгып кетти…

Сурат Жылкычиев

Булак: «Азия ньюс»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу