Алтынбек Сулайманов менен Исхак Пирматовго кылмыш иши козголгону турабы?

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин доорунда «шоопур» деген каймана ат менен «вице-президент» пайда болгон. Аты-жөнү Икрамжан Илмиянов. Өлкөбүздөгү кадр саясатынан тарта финансылык маселелерге чейин башын салып келген. Андан калса контрабанданы да көзөмөлгө алып келгени ачыкка чыгууда.

Ошентип ал АШАнын алты жылдыгында катардагы шоопурдан үлкөн чиновникке, таасирдүү фигурага айланып, доллар менен миллиардер болуп алган экен. Ал өзүнүн таасиринен пайдаланып, айрым чиновниктердин, депутаттардын кылмыш иштерин жаап коюуга да таасир этип келген.

Мисалы, Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматовго апрель окуясынан кийин «коррупция» беренси боюнча кылмыш иши козголгон эле. Анан аны жоопкерчиликке тартууну ошол убактагы баш прокурор А. Салянова ЖК депутаттарынан сураган. Бирок, ал өтүнүчү аткарылбай калган. Андан кийин ал кылмыш ишинин дайыны билинбей кеткен. Көрсө, И. Пирматов өзүнө козголгон кылмыш ишин Жогорку соттон токтоттуруп, өзүн актаган чечим чыгарттырып алыптыр.

Кантип дейсизби? Эң эле оңой жол менен. Ал өзүнүн кесиптеши, парталашы Алтынбек Сулайманов аркылуу Икрам Илмияновго жол тапкан. Тактап айтсак, А. Сулайманов И. Пирматовдон 1 млн доллар алып, аны И. Илмияновго алып барып берген. Анын натыйжасында Пирматовду актаган сот чечими чыккан.

Азыркы тапта УКМКнын тергөө абагында жаткан Икрам мырза алгачкы көрсөтмөлөрүн берип атканы белгилүү болду. Ага карата «Алдамчылык» беренеси боюнча иш козголгон. Маалыматтарга караганда ал кайсы бир ишкердин мамлекетке 300 млн сомдон ашуун салыгын жоюп берүү үчүн 150 миң доллар пара алган.

Мына ушул иши боюнча жооп берип жаткан Илмиянов учурда И. Пирматов жана А. Сулаймановго байланыштуу 1 млн доллар тууралуу да айтып берип жатат дешет. Кыязы, бул иш да иликтөөгө алынат окшоп калды.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу