Алтынбек Сулайманов, «Бир Бол» фракциясынын лидери: Мен жеке өзүм Илмияновдон саясый колдоо алган эмесмин

—Алтынбек мырза, өткөн жумада Социалдык өнүктүрүү министрлигине Кочкоровду, Маданият министрлигине Жамангуловду  шайладыӊар. Экөөнүн шайланышы купулуӊузга толдубу?

 —Улукбек Кочкоровду жакшы эле билем. Кесиби финансист. Көп жыл салык тармагында, УКМКда иштеген. Өткөн чакырылышта депутат болду. Айтор, тажрыйбасы жетиштүү. Өтө оор тармакка министр болуп шайланды. Эми ал өзүнүн деӊгээлин, тажрыйбасын мына ушул кызматтан көрсөтүшү керек. Ал эми Жамангулов Маданият министрлигинде 3 жыл министрдин орун басары болуп иштеп, туризм тармагын жакшы эле тейлеп келди. Бирок маданияттан бир аз алысыраак болгону менен, бул тармактан кабары бар, өздөштүрүп кетет деген ишенимдемин. Анткени, өтө жаш экен, тажрыйбасы аз экен деген эски түшүнүктөн арылышыбыз керек. Эмнеге дегенде, азыр дүйнөдө инновациялык өзгөрүүлөр, реформалар  көп болуп жатпайбы. Жакшы менеджер болуп, маданият тармагын көтөрүп кетсе жакшы болот эле. Мен бул жигитке ишенимди аванс менен артып жатам. Калганын убакыт көрсөтөт.

—Өкмөттүн ишмердүүлүгүн сынбадаган киши деле калган жок. Сиз да андай сындарга кошуласыз да…

 Ошончо сын бекеринен айтылган жок да. Баары эле туура айтылып жатат. Чынында байкап турабыз го, өкмөт өтө жай темп менен иштеп жатат. Бир орунда тургандай эле элес калтырып жатат да. Эгер бир ордунда тура берсе, анда артка “буксовать” этип, кетип жатат деп түшүнсөк болот. Мен 14-15 министрликтен ийгиликтүү тармакты көрбөй жатам. Жакында парламентке өкмөт отчёт берет. Ошондо көрө жатарбыз. Бат  алмаштырсак, дагы сынга калып жатабыз. Алмаштырбасак, минтип иш жылбай жатат. Бизге да кыйын болуп жатат.

—Коррупцияга каршы күрөш купулуӊузга толуп жатабы?

 —Азыр кээ бирлер, айрыкча журналисттер коррупцияга каршы күрөш тандоо иретинде жүрүп жатат деп айтып жатышпайбы. Бул сөз мурунку бийликтин тушунда деле айтылып келген. Бул да өзүнчө саясый термин болуп калды окшойт. Коррупцияга каршы күрөш комплекстүү болушу  керек эле. Ошондо элдин купулуна толот болчу. Тилекке каршы андай иштер жүрбөй жатат.

—“Раиммиллион” каймана аты бар Райымбек Матраимов  Кыргызстанда коррупциянын символу катары сыпатталып жатканын жакшы билесиз. Эл: “Бийликтин  ага тиши өтпөй жатат” — деп катуу сынга алып жатат. Бул боюнча сиздин пикирди угалы…

 —Алдын –ала бир нерсе айтуу кыйын. Ал тууралуу айтылган сөздөр иш жүзүндө болгон эмес же болсо да тиешелүү тараптардан иликтенбей жаткандыр. Кыскасы, бул суроого укук коргоо органдары жооп бериши керек.

—Икрам Илмияновдун кармалышы менен көп коррупциялык кылмыштардын бети ачылышы мүмкүн деген кептер айтылууда. Ал кишиден кезинде саясый колдоо алгандар көп болгон да. Сиздин мамилеӊиз кандай эле?

 —Кандай кылмыштардын бети ачылат, аны убакыт көрсөтөт да. Азыр ага алдамчылык боюнча кылмыш ишин козгошконун эл катары биз да уктук. Бирок андан башка иштерин уга элекпиз. Икрам менен жакшы эле таанышмын. Мамилем деле бар эле. Чынында ал киши менен бешинчи, алтынчы чакырылыштын депутаттарынын баарынын эле мамилеси бар болчу. Бирок  мен жеке өзүм Илмияновдон саясый колдоо алган эмесмин.

—Сиздин фракция өткөн чакырылышта оппозициялык фракция болду эле. Азыр көпчүлүк коалициядасыӊар. Деги эле парламенттеги оппозициялык фракциялар өтө эле “назик”, өтө эле алсыз болуп жаткандай…

 —Биз оппозициялык фракция болуп турганда бизге деле коомчулук тараптан, журналисттер тарабынан ушундай сындар айтылган. Азыркы оппозициялык фракциялар деле өз милдетин мүмкүнчүлүгүнө жараша аткарып жатышат. Болгону азыркы чакырылыш бир аз  тартиптүүрөөк болуп жатат да.

Суроо салган Айбек Шамшыкеев

Булак: Багыт 

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу