Алтынбек Сулайманов бийликти катуу сындады

Алтынбек Сулайманов соцтармактагы баракчаларына бийликти катуу сындаган пост жазып калтырды. Анда, Украинанын жаңы кызматка киришкен президенти Зеленский менен Армениянын лидери Пашинянга суктанганын ачык жазган. Анткени Зеленский келээри менен парламентти таратып жиберип, өкмөтү да отставкага кетээр алдында турат. Чоң реформаларга жол ачылганын айтты. Ал эми Арменияда болсо дал ушундай радикалдуу кадамдар уланып, кечээ жакында соттук реформа башталды. Ал эми бизде болсо деп жазат Сулайманов: “ Бир орундан жылалбай, бажаларга кызмат бөлүшүтүрүп, өтө зыян деген уранды казуу менен алекпиз”. Убакыттан уттуруп жатканыбызды да баса белгилеген.+

Булак:ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу