Алтынбек Мамашев WEF ProfFight лигасынын чемпиондук курун утуп алды

Мушкерлер 77 килограммда күч сынашты.

«Золотой» каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Алтынбек Мамашев WEF уюмунун ProfFight лигасынын чемпиондук курун утуп алды. Ал монголиялык Баткунх Бурензоригди экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңди.

Бишкекте WEF Global 14 жана Arzalet FC биргелешкен турнири өтүп жатат. Мушкерлер октагондо 77 килограмм салмакта күч сынашты.Буга чейин WEF уюмунун ProfFight лигасынын чемпиондук куру кыргызстандык Самат Эмилбековго таандык болчу, бирок ал беттешке чыгуудан баш тарткан.

Мамашев ММА боюнча 13 мелдештин жеңүүчүсү, ал эми атаандашы 9 беттешти утуп, 6 ирет утулган.

Булак: Спутник

 

Аргумент.kg
Жооп калтыруу