АЛТЫНАЙ ИСМАНКУЛОВА: “БИЗДИН ӨЛКӨДӨ МОДЕЛЬ КЫЗДАР АЛЕКТЕНЕ ТУРГАН ЖУМУШ ЖОК”

– Алтынай, моделдик бизнестеги бийик тоону ашып өтүүңө эмне түрткү болду?

– Максатка умтулгандыгым, адамдар менен бат тил табышып кетүүм, жөнөкөйлүгүм жана жакындарымдын колдоолору менен көп ийгиликтерге жетиштим деп айтсам болот.

– Моделдик бизнеске аралашып калууңа эмне түрткү болду?

– Мени алгач атам «Вит Лайн» аттуу моделдик агентикке окууга алып келген. Ал жерден Шевченко аттуу жетекчи менен тааныштырып, ошол жерде билим алып, иштеп калгам. Моделдик бизнести ушул агенттиктен баштап, азыркы күнгө чейин ушул жерде улантып, иштеп келе жатам. Виталина Владимировна менин экинчи апам, устатым десем болот.

– Бала – бакчада жана мектепте азыркыдай эле сулуу, белгилүү кыз болдуң беле?

– Жок, белгилүү эмес болчумун. Тескерисинче токтоо, жоош, көп сүйлөбөгөн, тартынчаак кыз элем. Азыр баары тескерисинче өзгөрүлдү.

– Көпчүлүк косметологдор “Модель кыздар чачынан жана терисинен көп жабыркашат” деп айтышат. Сенде бул жагынан кандай көйгөй бар?

– Мындай көйгөйлөр жаралбаш үчүн баардыгына өз нугу менен, өз убагында туура кам көрүп турам. Азырынча менин теримде да, чачымда да эч кандай көйгөй жок. Баары жайында.

– Ата-энең сени колдоп турушабы?

– Ооба, ар дайым мени колдоп, ийгиликтерим менен бөлүшүп турушат. Өзгөчө атам. Атам мага көбүрөөк ишенет.

– Модель кыздар менен достошосуңбу?

– Жок, алар менен достошуудан качам. Модель досторум таптакыр жок. Ал эми башка чөйрөдөн күткөн досторум бар. Алардын достугуна катуу ишенем. Көпчүлүк убактымды алар менен өткөрүүнү жакшы көрөм.

– Фотосессия же сьёмка учурунда кызыктуу окуяларга кабыласыңбы?

– Узак убакыттагы карьерамда мен көптөгөн кызыктуу, күлкүлүү жана маанайды түшүрө турган көп эле окуялар болгон. Ал окуялар ушунчалык көп болгондуктан, китеп кылып жазып чыгууга убакыт келди окшойт (күлүп).

 –  Мода индустрия дүйнөсү эмнени талап кылат?

– Сулуулукту, сексуалдуулукту, гармонияны, позитивди талап кылат. Модель кыздар бардык жерде актуалдуу болот. Алар гезит, журналдардын башкы беттерин кооздошот, ар кандай жарнамалардын, клиптердин, кино тасмалардын ажарын ачышат. Мода – менин жашоом.

– Жашоодо сен көбүрөөк сангвиниксиңби же меланхоликсиңби?

– Жүз пайыз сангвиникмин. Мен ар дайым жарык маанайда, шайыр жүргөндү жактырам.

– Модель кыздарга жеке жашоосун түзүп алуу оңойбу же кареьраны биринчи орунга коюшабы?

– Жеке жашоосун өз убагында куруп кеткен модель кыздар сейрек кездешет. Бирок, ошол эле учурда ар бири өз алдынча болууга умтулушат. Эгер телегейиң тегиз болуп турса, гармония менен бирге ишти да, үй-бүлөөнү да алып кетүүгө болот.

 – Моделдик бизнестин биздин өлкөдөгү оң жана терс аспектилерине токтоло кетсеңиз?

– Модель кыздар үчүн биздин өлкөдө алар алектене турган жумуш жок. Бишкек шаарында бул бизнести кесип эмес, хобби катары көрө алабыз. Бирок, кандай гана күндө болбосун сулуу, кызыктуу адамдар менен сүйлөшүп, чыгармачылык менен алек болуп, кооз фотосессияларды жасасак болот.

– Моделдик мектеп менен моделдик агенствонун кандай айырмачылыктары бар?

– Моделдик мектеп – модель болууну каалаган бардык улан-кыздарды окутуучу борбор. Ал эми моделдик агентсво иш. Ал жерде кыздар эки жактын тең макулдугу, эрежелери менен түзүлгөн ортодогу келишим болуп саналат. Кыздар келишим менен иштеп, туруктуу айлык акы алышат.

– Буга чейин “Моделдик агенстволор бай мырзаларга кыздарды сунуштап, ортодо пайда көрүшөт” деп уккан элем. Жетекчи катары бул тууралуу эмне айта аласыз?

– Абдан маанилүү суроо узаттыңыз. Чынында мындай нерселер агенстволордо бар. Жок деп тана албайбыз. Анткени, аны көрүп жүрөбүз. Кээ бир кыздар ошондой адамдардын жардамы менен карьерасын өнүктүрүп, үйлүү-жайлуу болуп, чет өлкөгө чыгып бактыларын тапкандары бар. Бул эми жашоонун мыйзамы. Бирок, биздин агенство бул нерсеге каршы. Мындай иштер менен алек болгон эмеспиз.

– Сен үчүн жашоонун кызыгы эмнеде?

– Үй-бүлө, жакын адамдарым, досторумдун, ишимдин болгону менен жашоо кызык.

– Бош убактың боло калганда эмне менен алек болосуң?

– Бош убактымды шаар аралап сейилдеп, киного кирип, кийим кечек тигип, достор менен чогулуп бирге өткөргөндү жактырам.

Булак: Каганат.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу