“Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп сүйгөнүн издеп ырдаган Ерке Есмаханды ага ашык жигит өзү издеп тапты

Сүйүктүүсүн Казакстандын ар кайсы шаарынан издеп “Алматыда жок-жок, Актөбеде жок-жок” деп ырдап келген ырчы Ерке Есмаханды жаш жигит өзү издеп тапты. Бул тууралуу Казакстандын маалымат каражаттары кабарлады.

Маалыматка ылайык, Шу шаарынын 20 жаштагы Руслан аттуу тургуну ырчыга өз сүйүүсүн билдирүү үчүн нике шакегин алып жергиликтүү телеканалда болуп жаткан түз эфирлердин бирине келген. Эфир учурунда Руслан Еркеге тизелеп сезимин билдирип, гүл жана шакекти сунуп ырчынын колун сураган.

«Сиз издеген жигит Алматыда жок, Астанада жок болуп чыкты, ал көрсө Шуда экен. Сиздин «Кайдасың» деген ырыңызды уккандан тарта жүрөгүмө сизге болгон сезим уялаган», — деп билдирген жаш жигит Еркеге.

Күтүлбөгөн жерден мындай окуяга туш болуп, жаш, келишимдүү жигит колун сурап жаткандыгына ырчы толкунданып көзүнө жаш алып: «Русландын эфирге келгени жакшы болуптур, эгерде ал мага сунушту башка жерден кылганда көпчүлүк мени жаш баланын башын айландырып алыптыр деген сөздөрдү чыгармак», — деп билдирген Есмахан.

Ошондой эле ырчы ага сүйүү сезимин билдирген балдар көп экендигин, бирок алардын баары эле шакек салганга белсене бербестигин кошумчалаган.

Ерке Есмахан 1986-жылы Актөбө облусунун Иргиз айылында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолун 2009-жылы «Инкар» тобунун мүчөсү катары баштаган.

Булак: super.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу