АЛМАТЫДА БАЗАРДА ИШТЕГЕН КЫРГЫЗДАРДЫ ДАГЫ КАРМАП, ДЕПОРТ КЫЛЫШУУДА

Казакстандын Алматы шаарында жашаган кыргыздар бизге кайрылып, аларды полиция баардык жерден текшерип жатканын айтышып, ушул маселени баштагандарга жана аны чечүү үчүн аракет кылбай кол куушуруп отурган бийликке нааразычылыгын билдиришти.

“Кенжехан” базарында иштеген кыргыз жараны алар соода кылган контейнерлерге чейин полиция келип, текшерүү жүргузүп жатканын айтты.

“Алар формачан эмес, кадимки кардар катары келип, андан соң полиция экендигин айтышып баардык кыргыздарды текшип жатышат. Жада калса паспорттору бар, документтери жайында болгондорду дагы депорт кылабыз дешип, ар кадам сайын кыргыздарды текшерүүгө алышууда”,-деди ал.

Ошондой эле Казакстанда эмгектенген кыргыздар полиция алар жашаган үйлөргө чейин келип, кармап кетип жатканын билдиришти.

“Казак тилин мыкты билгендер казакпыз деп, паспортторубузду бербей кутулуп жатабыз. Калгандарын болсо базардан, көчодөн, үйүнөн, кыскасы баардык жерден кармап кетишүүдө. Депорт болгондор да өтө көп болууда. Кыргыз бийлиги бул маселени чечип берсе жакшы болмок, эптеп бала-чакабызды багып жатканда бизге кыйын болууда”,-деди ал.

Булак: Каганат

Аргумент.kg
Жооп калтыруу