Алмамбет Шыкмаматов: » Өмүрбек Текебаевге камакта жаткан жеринде кысым көрсөтүлгөн»

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге камакта жаткан жеринде кысым, көрсөтүлгөн. Бул тууралуу, бүгүн, 19-апрелде ЖК депутаты Алмамбет Шыкмаматов жыйында билдирди.

—«Өмүрбек Текебаевге болгон кысымды токтоткула. От менен ойношпогула. «Бүгүн, башка камерага которобуз, башка адамдарды үстүнө киргизебиз», деген маалыматты азыр уктум. Өкмөттүн өкүлү тез арада көзөмөл кылгыла», — деди депутат Алмамбет Шыкмаматов.

Белгилей кетсек, Венеция комиссиясы Өмүрбек Текебаевдин эл аралык уюмдарга кайрылуусун кубаттаган. Бул тууралуу жактоочусу Таалайгүл Токтакунова жергиликтүү ММКларга билдирген.  

«16-17-мартта Венеция комиссиясынын отуруму болгон, ал отурумга комиссиянын мүчөсү катары Өмүрбек Текебаев чакырылган. Ал чакырууга Текебаев жооп катары: «Саясий өңүттө өкүм чыгып, мен абакта жатам, ошол себептен бул отурумга бара албайм», — деп кат жазган.

Текебаевдин катына Венеция комиссиясы жооп жазды. «Катыңызды алдык, бардык мүчөлөргө тааныштырдык, сиздин абалыңызга тынчсызданып жатабыз. Эл аралык уюмдарга саясий куугунтук болуп жатканы тууралуу кат жазыпсыз, муну биз кубаттайбыз», — деп айтылат комиссиянын жообунда.

«Комиссия биздин Ө. Текебаев боюнча документтерди БУУнун адам укуктары боюнча Комитетине жана башка эл аралык укук коргоочу уюмдарга жибергенибизден кабардар экен.  Андагы мүчөлөр Өмүрбек Текебаевдин көптөн бери жакшы таанышаарын, аны күчтүү юрист, мыйзам чыгаруучу катары эле эмес, Кыргыстандагы адам укуктары боюнча мыйзамдарды негиздеген алдыңкы саясатчы катары таанышаарын айтышты. Ошондой эле алар саясатчынын саламаттыгына эле кабатыр болбостон, ага козголгон кылмыш иши ачыктан-ачык эле саясий жана буйрутма мүнөздө экенин Венеция комиссиясы расмий билдирди”,- деп кошумчалаган жактоочу.

Эске сала кетсек, Өмүрбек Текебаев, 2017-жылдын 16-августунда 8 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу