Алмамбет Шыкмаматов: “Садыр Жапаровдун келинчегин жана жактоочуларын абакка киргизип…”

Бүгүн, 5-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, ушул тапта камакта жаткан экс-депутат Садыр Жапаровдун маселесин көтөрүп чыкты.

-Алмамбет мырза айтсаңыз, бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Садыр Жапаровдун кыйноого алынып жаткандыгы боюнча маселе көтөрүп чыктыңыз. Сиздин сунушту кесиптештериңиз кандай кабыл алды?

-Мен кыргыздын жигит катары, ачык чындыкты айттым.  Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Акунович өзүнүн спикердик укугунан пайдаланып, тийиштүү органдарга тапшырма берди. Бүгүн эртең менен ГСИНдин жетекчиси, Башкы прокурор, “Садыр Жапаровдун келинчегин жана жактоочуларын абакка киргизип, баардык чараларды көрөбүз биз дагы кайдыгер эмеспиз”, деген пикирин айтышты, бирок менин сунушумду колдобой коюшту.

-Рахмат

Эске сала кетсек, 25-март күнү чет жакта жүргөн Садыр Жапаровду чек арадан УКМК кызматкерлери кармап кеткенден кийин, СИЗО-1 тергөө абагына камакка алынган.

Садыр Жапаров, 2-апрель күнү моюндун күрөө тамыры жана сол колунун кан тамырлары кесилип оор абалда ооруканага түшкөн. Жактоочулардын айтымына караганда абалы учурда жакшы.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу