Алмамбет Шыкмаматов, Жогорку Кеңештин депутаты: “Мен Осмонбекти ак ниет депутат деп билем”

Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов, камакта жаткан Осмонбек Артыкбаев тууралуу пикирин билдирди.

—Осмонбек Артыкбаевдин иштери жөнүндө тергөөнүн купуялыгы деп эч нерсени сыртка чыгарбай жатышат. Андыктан коомчулук көп маалыматтан кабарсыз калууда. Ал киши бүгүн министр болуп келип, эртеси ушул проектиге аралашып жатат. 12 сааттын ичинде ал жерде эмне болуп жаткандыгын өзү аңдабай да калышы мүмкүн. Демек аны мажбурлап, ТЭЦ керек тигил бул деп айтышкан. Чындыгында ТЭЦке модернизация керек эле, кредит алууга мажбур болушкан. Эми бир сөз менен айтканда Осмонбекти пайдаланып туруп, ыңгайсыз абалга кабылтып коюшту. Сот ачык айкын болсо баардык чындыкты билебиз да,- деди депутат.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу