Алмамбет Шыкмаматов, ЖК депутаты: “Атамбаев жети жылда кландык башкарууну туу чокусуна жеткирген”

А. Шыкмаматов: Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен.

-Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты?

— Атамбаевдин бул айткандары азыркы бийликке оппозиция эмес, ич күйдүлүк, кек, өч алуу, жеке ызаа деңгээлиндеги гана сөздөр. Атамбаевдин эң биринчи максаты азыркы президенттен бардык ыкманы колдонуп өч алуу: элди бөлүпжаруу, баш аламандыктарды уюштуруп, ар кандай провокацияларга баруу. Аны ачык эле кыйыр түрүндө айтты. Мисалы, “милициялар президентти колдоп, өз элин атпайт, бул президентти алып келгеним үчүн кечирип койгула, мен ал катамды оңдойм”- деген сөздөрү.

Атамбаевдин мезгилинде коррупция туу чокусуна чыккан. ЖЭБ, музей, ипподром, шаардын четиндеги жер участкалары менен болгон махинациялар, булардын баарын Атамбаевдин айланасындагы адамдар жасаган. Алар азыр абакта отурат. Саясий куугунтук боюнча да Атамбаев алдына эч кимди чыгарган эмес. Анын убагында 20га жакын адам саясий себеп менен кесилип кеткен.

Алар кылмыш кылганы үчүн эмес, Алмазды сындаганы, кайчы пикир айтканы, айланасындагылардын уурулугу боюнча, кадр саясатындагы ашмалтайы, айдоочусун алып келип мамлекетти башкартканы жана билим жок адамдарды генерал кылгандыгы үчүн сын айткандарга жасалма иштерди ачып, каматкан.

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу