Алмамбет Шыкмаматов, “Ата Мекен” фракциясынын лидери: “Парламент тарасын” деген маселе чыкса, биринчилерден болуп макул болом”

— Алмамбет мырза, КСДП фракциясынын оппозицияга кетиши керектигине оюңуз кандай?
— Парламенттин бул чакырылышына 6 саясий партия келген. 6 партиянын парламенттеги өкүлчүлүгү – бул фракциялар деп аталат. КСДПнын лидери Атамбаев “оппозицияга кеттим” деп, Өкмөттү да, президентти да, парламентти да үстөккө-босток сынга алып, “кетиш керек” деп жатат. Ошол эле учурда Атамбаев түзгөн партиянын фракциясы парламентте көпчүлүк коалициянын анабашы болуп, Өкмөттү контролдуп отурат. Бул моралдык, саясий, мыйзамдуу жактан да саясий кризис. Бул саясаттагы жоопкерсиздиктин белгиси. Саясий жоокерчлиги болсо, оппозицияга кетиш керек. Өкмоттү түзүү вазийпасынан баш тартыш керек. КСДП фракциясынын “Атамбаевди тааныбайбыз, ал биздин лидер эмес” деп жатканы да саясий чайкоочулук. Кечээ эле аны “Улут атасы, улут лидери” деп, ага каяша айткандарды “эл душмандары” деп кыйкырып турушпады беле.
— Учурда эмне болуш керек?
— Учурда саясаттын эрежеси боюнча, КСДП фракциясы жоопкерчиликти алып, “биздин партияда, фракцияда кризис болуп жатат, биздин кризис Өкмөткө таасир болбосун, элден уялабыз” деп коалициядан чыгып кетсе туура болот.
— “Парламент тарасын” деп эмнеден улам айттыңыз?
— “Азыркы иштеп жаткан парламент купулга толбой жатат” дегенге макулмун. “Тарасын” деген маселе чыгып калса, тараганга биринчилерден болуп макул болом.
Динар Турдугулова

БУЛАК: Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу