Алмамбет Шыкмаматов, «Ата Мекен» фракциясынын лидери:«Парламент тарасын» деген маселе чыкса, биринчилерден болуп макул болом»

 Алмамбет мырза, КСДП фракциясынын оппозицияга кетиши керекгигине оюңуз кандай?

— Парламенттин бул чакырылышына алты саясый партия келген. Алты партиянын парламенттеги екүлчүлүгү- бул фракциялар деп аталат. КСДПнын лидери Атамбаев «оппозицияга кеттим» деп өкмөттү да, президентти да, парламентти да үстөккө-босток сынга алып, «кетиш керек» деп жатат. Ошол эле учурда Атамбаев түзгөн партиянын фракциясы парламентте көпчүлүк коалициянын анабашы болуп, өкмөттү контролдоп отурат. Бул моралдык, саясый, мыйзамдуу жактан да саясый кризис. Бул саясаттагы жоопкерсиздиктин белгиси. Саясый жоокерчилиги болсо, оппозицияга кетиш керек. Өкмөттү түзүү вазийпасынан баш тартыш керек. КСДП фракциясынын «Атамбаевди тааныбайбыз, ал биздин лидер эмес» деп жатканы да саясый чайкоочулук. Кечээ эле аны «улут атасы, улут лидери» деп, ага каяша айткандарды «эл душмандары» деп кыйкырып турушпады беле?

 Учурда эмне болуш керек?

-Учурда саясаттын эрежеси боюнча, КСДП фракциясы жоопкерчиликти алып, «биздин партияда, фракцияда кризис болуп жатат, биздин кризис өкмөткө таасир болбосун, элден уялабыз» деп коалициядан чыгып кетсе туура болот.

 «Парламент тарасын» деп эмнеден улам айттыңыз?

— «Азыркы иштеп жаткан парламент купулга толбой жатат» дегенге макулмун. «Тарасын» деген маселе чыгып калса, тараганга биринчилерден болуп макул болом.

Булак: АЗИЯnews

Аргумент.kg
Жооп калтыруу