Алмаз Шаадаев, ырчы: «Каргаганың как башыңа тийсин…»

Ырчы Алмаз Шаадаев өзүнүн инстаграм баракчасына Москва шаарында түшкөн сүрөтүн жүктөп, баяндамасына:

«Москванын эң ишенген жери»-деп жазды.

Бул пост катуу талкууга алынып, ырчынын дарегине терс ой-пикирлер айтыла баштады. Көпчүлүктүн ою боюнча Алмаз Шаадаев Москва шаарын кемсинтип, ал жакта иштеп жаткан мигранттарды басынткандай кабыл алды.

Ар тараптуу сын пикирлердин арасында окурмандардын бири:

«Чечендер сени союп салса экен» деп жазууга да жетишти. Ал эми ырчы өзү бул пикирге чыдабай кетип:

«Каргаганың как башыңа тийсин» деп жооп кайтарды.

БУЛАК:barometr.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу