Алмаз Атамбаев “Кыргыз Эл Баатыры” наамын Тарых музейинин ачылыш аземинде алат

Экс-президент Алмазбек Атамбаевге “Ак-Шумкар” өзгөчө белгиси чуулгандуу Тарых музейинин ачылышында тапшырылат. Мындай кабарды КСПнын маалымат катчысы таркатты. Анын айтымында, жакында президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев жолугушкан. Качан, кандай максатта жолугушканын, эмнелерди талкуулашканын тактаган эмес. Бирок, маалымат катчынын маалыматында, ошол жолугушууда президент Атамбаевге “Ак-Шумкарды” берүүнү убада кылган. Ооба, малыматта “убада кылган” деп айтылат. Демек, Атамбаев орден жөнүндө маселе коюп, аны берүүнү суранганбы?

Тарых музейинин ачылышы качан болоору белгисиз. Аны буга чейин бир нече жолу жылдырышкан. Акыркы жолу 31-августта Эгемендик күнүнө карата ачылаары жарыяланып, бирок кайра эле белгисиз мөөнөткө жылдырылып калган.

Ал эми Президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиеванын айтымында, экс-президентке “Ак-Шумкарды” ыйгаруу чечими 2017-жылы чыккан. Бирок, ал кезде Атамбаев белгисиз себептер менен сыйлыкты алууга ынтызарлыгын билдирген эмес. Ошол себептен, аны тапшыруу аземи кийинкиге калып калган. Учурда бул маселе президенттин аппаратынын кароосунда жок.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жолугушуусу жана анын жагдайлары коомчулукка азырынча белгисиз. Экөөнүн ортосундагы пикир келишпестиктер өлкөнүн саясий күн тартибиндеги башкы маселе бойдон турат. Былтыркы шайлоодо С.Жээнбековду ар кандай жолдор менен президенттикке алып келген А.Атамбаев бат эле өзүнүн бул кадамдарына өкүнгүдөй абалга кептелген. Эл арасында ага “Эл Баатырлыгын” ыраа көрбөгөн пикир күч.

Тарых музейинин ачылышына келсек, аны реконструкциялоо иштеринде ири масштабдагы жемкордуктун бети ачылып, Атамбаевдин тушундагы эң ыплас долбоорлордун бири катары таанылды. Долбоорду Атамбаевдин ишенген кадры Сапар Исаков түздөн-түз көзөмөлдөгөн. Демек, Атамбаевге “Ак-Шумкарды” так ошол жерде берүү кандайдыр бир символикалуу ишаратпы?

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу