Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев эмне кылмыш жасаган?

Кечээ, 8-февралда укук коргоо органдары тарабынан кармалып, кылмыш иши ачылып, Бишкектин Биринчи май райондук соту өлкөнүн аймагынан чыкпоого бөгөт чарасын койгон экс-президент Алмаз Атамбаевдин жан сакчысы Дамир Мусакеев кандай кылмыштарга шектелип жатат? Бул тууралу бүгүн, 9-февралда Аскердик прокуратура билдирүү таратты.

Ага ылайык, УКМКнын 18 кызматкери Дамир Мусакеев аларга жетекчи болуп турган учурда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алардын укуктарын бузгандыгы боюнча анын үстүнөн арызданышкан. УКМК ал арыздын негизинде кызматтык иликтөө жүргүзүп, материалдарын Аскердик прокуратурага өткөрүп берген. Прокуратура ал материалдардын негизинде кылмыш ишин козгогон.

Ал кездеги  президент Алмаз Атамбаев өзүнүн көп жылдардан берки жан сакчысы Дамир Мусакеевди 2016-жылы КР УКМКнын төрагасынын орунбасары, президентти кайтарган 9-кызматтын жетекчиси кылып дайындаган.

Атамбаевге таянган Дамир Мусакеев УКМКнын 9-кызматына бөлүнгөн 15 кызматтык жаңы батирлерди КР Турак-жай кодексин бузуп, батирге көп жылдардан бери кезектин эң алдында турган кызматкерлердин укугун тебелеп, кезектин эң артында турган, бирок өзүнө жакын досторуна мыйзамсыз таратып берген. Ал досторунун үчөөсү мурун батир алгандыгына да карабаган. Мусакеевдин мындай, мыйзамды уруп ойнобогон, өзүм билемдигинин натыйжасында УКМКнын 9-кызматынын батирге жалпы кезекте турган, чындыгында батирге өтө муктаж болушкан 18 кызматкери талаада калышкан.

Ошондой эле Дамир Мусакеевдин мындай өз билемдигинин айынан мамлекеттик бийликтин кадыр-баркына,  кыргыз жарандарынын мамлекет мыйзамдуулукту жана социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылат деген ишенимине доо кеткен.

Бул факты расмий аныкталгандан кийин, анын негизинде Бишкек гарнизонунун Аскердик прокуратурасы 7-февралда  Дамир Мусакеевдин үстүнөн КР Кылмыш-жаза кодексинин 320-кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси боюнча кылмыш ишин ачып, Мусакеевдин колуна бул тууралу билдирүү карматышкан.

“Ал эми кечээ КСДП тараткан: “ал батирлер кызматтык батирлер болгондуктан бири да менчиктештирилбеген, ошондуктан мамлекетке зыян келтирилбеген” деген шылтоосу суу кечпейт. Анткени азыр иштеп жаткан Аскердик мыйзам боюнча УКМКнын 9-кызматынын кызматкерлери алган кызматтык батирлерин белгиленген убакыт өткөндөн кийин бекерге менчиктештирип алат. Бул алардын мыйзамдык укугу”, – деп айтылат билдирүүдө.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу