Алмазбек Эргешов, «Кыргызстан» фракциясынан ЖК депутаты: «Айып пулдун кеп экенине карабай «Коопсуз шаарды»колдойлу»

 — Алмазбек Манасбекович, «Коопсуз шаар» долбоору боюнча сиздин көз карашыңыз кандай?

— Казак кошуналар «Коопсуз шаар» долбоорун 2010-жылы башташкан. Алматы шаарында 17 көчөнүн кесилишине камера койгондо ошол камералар жарым жылда 830 МАИ кызматкеринен көбүрөөк каражат чогултуптур. Ошон үчүн Алматы шаарынын мэри МАИчилердин көчөдө туруусуна тыюу салып, «алар машинада гана жүрсүн, эгер кайсы бир айдоочу жол эрежесин бузчу болсо, аны артынан барып гана кармаса болот» деп буйрук чыгарган. Ошон үчүн биз да «айып пул көп экен» дебестен алдыга жылышыбыз керек. Бишкек эле эмес, Бишкек-Ош, Бишкек-Каракол трассаларына да коюу зарыл. Камераларды канчалык көп коюп, канчалык тез ишке киргизсек, элибиздин коопсуздугун камсыз кылып, маданияттуулукка алып келебиз да.

— Комитеттеги талкууларды тыңшап отурсам, кээ бир депутаттарда «камералардын баасы кымбат, аларды орноткондо өзүн-өзү актабайт го?» деген күдүктөнүү бар экен. Сиздин оюңузча, актайбы?

— Бир-эки жолу айып пул төлөгөндөн кийин жол эрежесин бузгандар 50-60 пайызга чейин азайышы мүмкүн. Бирок, такыр эле жок болуп кетпейт. Россиялык «Вега» компаниясы менен түзүлгөн келишимде беш жылдын ичинде өзүн-өзү актабай калса, мамлекет кошумча акча төлөп бериш керек, же камераларды кайра бузуп алып кетери боюнча пункт жок. Алар эми бизнесмендер да. Өздөрүнүн акчасын аябай жакшы санашат. Дүйнөлүк статистиканы карашты, камералар коюлгандан кийин жол эрежесин бузуулар канчага азайган, ошолордун баарын эсептеп чыгышты да.

— Анда биз камераларды орноткондон дегеле уттурбайт турбайбызбы?

-Жок.

БУЛАК:Азиянюс

Аргумент.kg
Жооп калтыруу