Алмазбек Атамбаев соттон утулду…

Бүгүн, 16-майда Жогорку Сотто мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин тосмо арызынын негизинде юристтер Таалайкүл Токтакунова жана Канат Азиздин иши карала баштады. Ал Токтакунова менен Азизден 10 млн. сом өндүрүүдөн баш тарткан чечимине каршы арызданган.

Токтакунованын жактоочусу журналисттерди сотко киргизүүгө сураныч катын келтирди. Бирок, Башкы прокуратуранын өкүлү Алишер Рустамбаев жакточунун суранычын орундатып, бирок, Атамбаевдин жактоочуларына жана өзүнө сотту сүрөткө жана тасмага тартууга уруксат бербөөгө чакырды.

Натыйжада, журналисттерге сотко кирүүгө уруксат берилди.

Соттук отурумда, Атамбаевдин өкүлү Улан Индикеев сотко Бишкек сотунун чечимин четке кагып, Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну сураган.

Экинчи тараптын жактоочулары буга каршылыгын билдиришти.

Сот Бишкек райондук сотунун чечимин күчүнө калтырып, “Ата-Мекен” партиясынын экс юристтеринин пайдасына чечип берди.

Эске салсак, мурунку Башкы прокурор Индира Жолдубаева Текебаевдин Дача-Судагы кырсык боюнча билдирүүсүн окуп берген Таалайкүл Токтакунова менен Канат Азиздин басма сөз жыйынын чагылдырган Zanoza.kg сайтын сотко берген.

Атамбаев Zanoza.kg сайты боюнча арызыны кайрып алып, “Ата-Мекен” партиясынын юристтерине карата арызын күчүндө калтырып келген.

Булак:NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу