Алмазбек Атамбаев Ош облусунун активи жана коомчулугу менен жолугушту

Алмазбек Атамбаев кечээ, 12-октябрда Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облустун активи жана коомчулугу менен жолугушту. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.
Салттуу «суроо-жооп» форматында өткөрүлгөн жолугушуунун жүрүшүндө Мамлекет башчысы жарандардын облустагы автожолдордун, мектептердин, ооруканалардын курулушуна, инфраструктуралык долбоорлорду мындан ары ишке ашырууга, ирригация системасын өнүктүрүүгө жана башка маселелерге тиешелүү суроолоруна жооп берди.
Мамлекет башчысы ошондой эле Өзбекстан менен биргеликте мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо жана көзөмөлдөп-өткөрүүчү пункттарды ачуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерге дагы токтолду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Президент Алмазбек Атамбаев дайыма колдоо жана ишеним көрсөткөндүгү үчүн облустун элине ыраазычылык билдирди.
Алдыдагы 15-октябрдагы президенттик шайлоолор тууралуу сөз кылып келип, Президент Алмазбек Атамбаев шайлоолор таза жана демократиялуу өткөрүлөөрүн белгиледи.

Аргумент.kg
Жооп калтыруу