Алмазбек Атамбаев оозунан түшүрбөй атап жүрчү Раим Матраимов кимдин кадры?

Бийликке тарынган экс-президент тынч жаталбай бир жарым жылдан бери учурдагы ажобузга ор казып, атына көлөкө түшүрүү максатында тынбай иштеп жатка- нын билебиз. Болбогон нерсенин барын жабыштырып, эптеп элди көтөрө албай убара. Кызыгы, бажы тармагында иштеп байыган Раим Матраимовду жабыштырып, Сооронбай Жээнбековдун кишиси катары көрсөткөнгө аракеттенүүдө. Мындай жалаага ким ишенсин. Факты башканы көрсөтүп турбайбы. Мисалы, Матраимов 2010-2013-жылдары Мамлекеттик Бажы кызматынын Ош башкармалыгынын жетекчиси, 2013-2015-жылдары Мамлекеттик Бажы кызматынын түштүк боюнча жетекчиси, 2015-2017-жылдары Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагында иштеген жана кызматынан жогору карай секирик жасап отурган. 2017-жылы 23-ноябрда Райым Матраимов кызматтан алынса, бир күндөн кийин, 2017-жылы 24-ноябрда Сооронбай Жээнбеков президенттик кызматына киришкен. Ошол 2017-жылдан бери Райым Матраимов жумушсуз Эми ой жүгүртүп королучу, ошондо Райым миллион кимдин кишиси болот? Баса, 2012-жылдары түштүктө таасири чоң лидердин бири Атамбаевге кирип, «Раим Матраимов деген бажы кызматкери боюнча ар кандай сөздөр жүрүп жатат, ошонун маселесин карап көрбөйсүзбү?» десе, «Ал бизге керектүү бала, тийишпегиле» деп кагып койгон экен экс-ажо. «Раим миллион» тууралуу 2010-жылы эле сөз боло баштаган. Ошо кездеги убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин телефон аркылуу үн жазуусу бар. Анда да Раим Матраимов тууралуу Азимбек Бекназаров айтат, «Сооронбай Жээнбеков кетирем деген кадрды да кетирбей кармап олтурасыңар…» деп. Ал эми Матраимовдор атасынын атындагы турнирди жыл сайын өткөрүп келишет. Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө президенттин атынан Икрам Илмияновдун катышып келгени жашыруун эмес. Мына учкай маалыматтарды атап өттүк. Окутан адам «Раим миллион» кимдин кадры экенин өзү талдап алаар…

Камчы Кадыров

БУЛАК: Мантыш

Аргумент.kg
Жооп калтыруу