Алмазбек Атамбаев “Кыргыз Республикасынын Баатыры” наамынан ажыратылууга тийишпи?

Азыр кыргызстандыктардын көпчүлүгүндө “экс-президент Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Баатыры деген өлкөнүн эң жогорку сыйлыгы эмне үчүн берилген? — деген суроо пайда болууда. Ал бийликте турган 6 жылдын ичинде экономикабыз сезилерлик алга жылбады, же 2-3 пайыздан артка кетүү менен коштолуп турду.

Ички дүң жыйымдын ар адамга бөлгөндөгү көлөмү боюнча Тажикстанды да алга коё берип, КМШдагы өлкөлөрдүн баарынан артта калдык. Өлкөнүн тышкы карыздары эки эсеге жакын өстү, колго илинерлик курулуштардын, оңдоп-түзөөлөрдүн бардыгы насыялардын, садакалардын эсебинен гана жүргүзүлүүдө.

Коррупция болсо, Акаев менен Бакиевдин тушундагыдан да өстү.

Ири коррупциялык иштерге экс-президент “оң колум, сол колум” деп, чоң кызматтарга көтөрүп жүргөндөр уюштуруучу болушкандыгы Дача-СУдагы авиакырсыкка, “Дастан” АКсына жабдууларды алууга, Калыс-Ордодогу мектепти курууга, Бишкек ТЭЦин, Улуттук тарых музейин модернизациялоого, Чолпон-Атадагы ат майданын курууга, Коргоо министрлигинин 4 тик учагын Уганда мамлекетине ижарага бергенге байланышкан ж.б. кылмыш иштеринде ачык көрүнүүдө. Бир эле Бишкек ТЭЦин модернизациялоодо мамлекетке 120-150 млн. долларлык зыян келтирилгендиги айтылууда. Экс-президент А.Атамбаев ушул жылдын 6-июнунда алар боюнча чечимдер тийиштүү мамлекеттик органдар менен талкуулангандан кийин “…мамлекет башчысы Алмаз Атамбаев жана өлкөнүн өкмөтү тарабынан кабыл алынгандыгын” расмий түрдө билдирди.

Демек, ал кылмыш иштерге өзү жетекчилик кылгандыгын мойнуна алды. Анан ушундай адам “Манас” орденин жана Ак Шумкар медалын тагынып, мамлекеттик резиденцияда эркелеп жүргөндө, С.Исаков, О.Артыкбаев, С.Авазов баштаган он адамдын УКМКнын тергөө абагында камалып жаткандыгы акыл-эстүү, аң-сезимдүү логикага, адамкерчиликке ылайык келеби?

Деги КРнын Баатырлыгы деген сыйлык экс-президентке эмне үчүн берилген? Мөөнөтү бүткөндө кызматынан кеткендиги үчүн элеби? Же коррупцияны гүлдөтүп, Кыргызстанды белчесинен карызга батыргандыгы үчүнбү?

Анда Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевге да баатырлыкты, Айдар Акаевге, Максим Бакиевге, жоболоңдуу казак күйөө балага жок дегенде 1-даражадагы “Манас” орденин берүү керек. Бардыгынын кылган иштери окшош болуп жатса, АШАны эле өзгөчөлөнтүп жеке бөлүп койгон кудайга да жакпайт. Тең бөлгөндү — теңир да сүйөт.

Баатырлык мекенди коргоодо эрдик көрсөткөндөргө, мыкты иштеп чоң-чоң натыйжаларга жетишкендерге берилет. АША 6 жылда 1 жыл гана жумушчу орунунда болсо, кылган иштери жогорудагыдай, инсандык облиги өзүңүздөр билгендегидей болсо, анан кайсыл бетибиз менен аны Баатыр деп айта алабыз?

Аң-сезимдүү адамдарды жогорудагыдай ойлорго жетелентип, коомду адаштырбоо, булгабоо, башкаларга шерменде болбоо  үчүн Алмаз Атамбаев Кыргыз Республикасынын Баатыры сыйлыгынан ажыратылуусу зарыл. Жогорудагыдай коррупциялык жаңжалдардан кийин, эгерде кенедей уяты, намысы калса, ал бул наамдан өзү баш тартса эң туура болмок.

Булак: NazarNews.kg

Бөлүшүү

Аргумент.kg
Жооп калтыруу