Алмазбек Акматалиев: «Өмүркулов Атамбаевди көзүн май басты десе, Иса Өмүркуловду саткын дешти…»

Иса Өмүркулов Атамбаевди » көзүн май баскан» деп сыппатаса, Исаны бир тобу саткын деп жазып жиберишти, убагында үндөбөй эле, баарына макул болуп жүрбөдү беле деген таризде!

Ээй, туугандар! Атамбаев деле убагында Бакиев менен сопсонун эле иштешсе болот экен деп мактап жактап, Бакиевдин колунан орден алып, аны менен кучакташып өбүшүп кетпеди беле! Анда, ал саткын эмессби?
Минтип чукуша берсек бири бирибиздин көчүгүбүздө тамтык калбайт, айтып койоун силерге! Андан көрө алдыга жылалы, жаз келди, дүйнөдө эмне деген гана өзгөрүүлөр болуп жатат! А биз болсо бирден чыбык көтөрүп алып бири бирибизди аңдып жүрөбүз

Аргумент.kg
Жооп калтыруу