Алмазбек Акматалиев, саясий серепчи: “АШАнын аргументтеринин деңгээли Мискенбаевдин айткандарынын деңгээлине түшүп кетти!”

А. Акматалиев: Текебаев, Талгарбеков, Садыр Жапаровдордун иштеринен кийин АШАнын саясий куугунтук тууралуу айтканга укугу барбы?!

-Экс-президент А. Атамбаевдин 17-мартта Форумдун алдында Аксы окуясына арналган эскерүү ишчарасында сүйлөгөн сөздөрүнө кимдер кандай пикирлерин айтышты?

— Атамбаевдин 17- марттагы айткандарынан чыгарчу башкы жыйынтык ушул! Экспрезидент сындап эле тим болбостон, маселени чечүүнүн жолдорун да сунуш кылышы керек! Андай болбосо анын Мискенбаевден кандай айырмасы бар? АША “эмне кылуу керек?”- деген суроого 15 пункттан турган сунушун бербейби! Ким күнөөлүү дегенге жүздөгөн жолу мисалдарды келтиргендин кереги жок эле.

(Акаев, Бакиев, убактылуу өкмөттөгүлөр, Назарбаев, Эрдоган…, иши кылып өзүнөн башка баары!) Баса, Текебаев, Талгарбеков, Садыр Жапаровдордун иштеринен кийин АШАнын саясий куугунтук тууралуу айтканга укугу барбы?! Же ошол эле ЖЭБдеги кландык коррупция, музей, 600 долларга алынган кычкачтар, 14000 еврого алынган аттардын манекендеринен кийин унчукпай эле койсочу…

Ошондуктан экс-президенттен өткөндөрдү чукулабастан, Кыргызстандагы жашоону жакшыртуу боюнча реалдуу сунуштарды берүүсүн каалайт элем! Унтер офицердин жесиринин кейпин кийбесе! А бирок, жаз менен күз биздин экс-президент үчүн спецификалуу мезгилдерден эмеспи. Азырынча ошого шылтай туралычы…

Булак: “Майдан.kg”

Аргумент.kg
Жооп калтыруу