Алмазбек Акматалиев: “Мурат Суталинов атасын кечирим сурагын”

Саясатчы Алмазбек Акматалиев Мурат Суталиновду азаттыкка чыгышы менен куттуктаап, атасынан айткан сөзүн эске салды.

—Мурат Суталинов бошогондугу менен чын жүрөктөн куттуктайм! Бир жума мурун божомолдодум эле сот отурумунда бошойт деп! Кудай жалгап, сөзүм төп келди. Бир окуяны эстедим, бирөөнөн уктум эле.
Мурат генералды алганда атасы, ал да генерал Абдыбек Суталиновго келет бир шампанын көтөрүп алып.

Анан атасына мактанат:

— Сиз да генерал, мен да генерал, эми мен сизге теңелдим, деп!

Анда көптү көргөн генерал атасы айтат имиш:

— Ээ, уулум, сен мага жетелексиң! Сенин уулуң генерал болгондо, ошондо гана мага теңелесиң!

Абдыбек аксакалдан эмне деген терең сөз. Мурат күнөөсүн мойнуна  алып, атасынан кечирим сураган деп айтып жүрүшөт! Эки генерал Суталиновдор тең аман болушсун!-деп пикирин жазган Алмазбек Акматалиев.

Булак: NazarNews.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу