Алия Шагиева Киевде өтө турчу сүрөт көргөзмөгө катышат. Учурда тасма тартууда

Президент Алмазбек Атамбаевдин кенже кызы Алия Шагиева Украинда өтө турган сүрөт көргөзмөгө катышат. Бул тууралуу соцтүйүндөгү баракчасына жазды.

“Учурда сүрөттөрүм кантип жаралары тууралуу видео тасма тартып жатам. Мени Киевде өтө турган көргөзмөгө чакырышты. Андыктан кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жаш муунун мүмкүн болушунча сапаттуу тааныштырууну каалап жатам. А жок, андай эмес, бул жалган… Ырасында мен кайсы бир муунду кайсы бир өлкөгө эмес, биз анчейин маани бере бербеген, айрым учурда укмуш деп эсептелген сезимдерди, параллелдик ааламды тааныштыргым келет. Себеби улут, өлкө дегенибиз нагызында шарттуулук гана. А сезимдер унивесалдык тилге ээ. Анын мыйзамдары баардыгына бирдей жайылган. Мен көркөм өнөр сөзсүз эле ачык түстөр менен айкалышпаганын, ал эми графиканын күчтүү тарабын көрсөткүм келет. Чынында көкүрөк керип, кайсы бир чебердикти даңазалоо менен баамды көтөргүм келбейт. Тек гана өзүмө чакырык жасайм. Өзүмө канчалык деңгээлде ишене алам? Өзүмдү чексиз сындай берген адатымдан качан арылам да, алысты көрө билгенге качан үйрөнөм? Өзүмө ийгилик каалайынчы. Жок, ийгилик эмес, күч-кубат дейинчи. Себеби, адам ийгиликке гана үмүт артканда, өзүндөгү жоопкерчиликти жоготуп коет эмеспи. Кыскасы мындай: баардыгы кандай болуу керек болсо, ошондой болот! Тобокел!»,-деп пикирин калтырды Алия Шагиева.

Булак: 5news.kg

Аргумент.kg
Жооп калтыруу