Алина Жетигенова: «Бут тосуулар көп болду…»

— Алина айым, соңку учурда сизди көп көрбөй калдык. Чыгармачылыктан алыстай түшкөндөйсүз?

— Чыгармачылыкта жүргөнүмө кырк жыл болду. Ушул кезге чейин алыстаган эмесмин жана алыстабайм. Балким, азыр ырчылар көп болуп, үн алгы-сыналгылардан көрүнбөй калып жаткандырмын. Чыгармачылык— эң сүйгөн ардактуу кесибим.

— Чыгармачылыкта кандай жаңылыктар бар?

— Бек Борбиев менен Роза Шакирова сонун ырларын белек кылышты. Учурдан пайдаланып рахматымды айта кетпесем болбойт. Ооба, мындан да башка жакшы ырлар да топтолду. Буйруса, мунун үстүндө иштеп жатам. Бул дүйнөгө из калтырып кетүүгө дайыма тырышам. Мындан сырткары, Ишен Назаров экөөбүздүн аткаруубуздагы бир ырга клип тартуу алдында турам.

— Стилиңизди өзгөртүп калган учурларыңыз болот?

— Ооба, келбет өзгөрүп, жаңыланып турганга эмне жетсин. Бирок, баардык жерде маданият болгондой эле, чектен чыкпайм. Кыска, ачык кийимди көп кийбейм, узун кийимдерге көп басым жасайм. Ал эми ырдоо стили боюнча көп кылсам, башка стилде ырдайын деген деле оюм жок. Буга чейин баардык жанрда ырдап көрдүм. Бирок, өзүңдүн үнуң, Кудай берген тембр калат. Ошентсе да, ар бир жанрда ырдап көрүү ар бир ырчыга керек деп ойлойм.

— Кыргызстанда кара пиар жасоо жеңил дешет?

— Ооба, чындап эле Кыргызстанда кара пиар жасоо жеңил. Бирок, мындай жол менен атын чыгаруу туура эмес кадам деп билем. Ошондуктан анын кереги жок. Интернетти ачсаң эле жаман сөз, ушак… “Жакшы сөз сүйлөө оор болуп калганбы?”-деп кейип коём. Көңүлдү оорутпай жүрөлүчү.

— Фонограмма же жандуу үн, кайсынысын тандайсыз?

— Бул суроонун жообу сизге белгилүү деп ойлойм. Албетте, жандуу үндү тандайм. Мен Советтер Союзунун адамы болгондуктан баардыгын көрдүм. Убагында фонограммасыз урма аспаптар, гитара, бас-гитара, айтор, баардык музыкалык аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен ырдачубуз. Ал мезгилдерим жакшы өттү, жакшы бышып, жакшы жетилдим. Азыркы жаштар жандуу ырга басым жасашса жакшы болот эле. Өнүгүү ошондон башталат. Фонограмма менен ырдай берип элди да таза үнгө көндүрүп бүттүк, бир аз эле үнү чыкпай калса, «Ай ырдай албайт турбайбы» деп калабыз. Бул нерсени өзгөртүүгө, реалдуулукка жакындоого азыр деле кеч эмес, мен жандуу үндү гана колдойт элем. Эл тараза, эл сынчы болгондуктан эл кимдин ким экенин таанып билип, өзү эле электен өткөрүп алат. Үнү жок, бирок кооз кийинген айрым ырчылар чыгармачылыктан өздөрү эле алыстап кетишет. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетет дегендей, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан чыгармалар, ырчылар өчпөйт.

— Кыргыз эстрадасы жаш ырчыларга толду. Биринин жүзүнөн таанысак, биринин үнүнөн тааныйбыз. А бирин таптакыр тааныбайбыз… Улуу муундун өкүлү, тажрыйбалуу өнөр адамы катары аларга болгон сыныңызды жана кеңешиңизди айтсаңыз?

— Жаш ырчылар жаш болгондуктан көп ката кетиришет. Аларды “Ката кетирдиң!”-деп дайыма сындап, басынта берген болбойт. Адам акырындан тажрыйба топтоп, такшалып чыгат. Бирок, биз улуу муун катары жаш муундарыбызга туура жол көргөзүп коюуга милдеттүүбүз. Ырас, өз кезинде биз дагы жаш болгонбуз, ката кетиргенбиз. Болочок жылдыздарыбыз “Эки тоонун чөбүн эңсеген арам өлөт” болуп, баарын каалап, жутуна бербей, чыгармачылык менен гана кетип, Кудай берген асыл өнөрүн багып, таптап кете турган болсо, анда алар мыкты өнөр өргөсүндөгү залкар инсандар болуп чыгышат.

— Жакында эле баш калаабызда жайгашкан Кожомкул атындагы Спорт ордосунун эскилигине, шарттын жоктугуна болгон нааразычылыктарын белгилүү ырчылар айтып чыгышкан эле. Бул боюнча сиздин да оюңузду билгим келип турат?

— Негизи Кожомкул атындагы Спорт ордосу спортчуларга тиешелүү имарат. Бизге Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармония каралган да. Филармонияда орун аз болгондуктан, концертти Спорт сарайына койгонго туура келет. Чынында башка ырчылардын Спорт ордосуна нааразычылык билдиргенин укпаптырмын. Ага мен эскилиги жеткени, шарттын жоктугу үчүн разычылыгымды деле айтпайм. Болгону көп орундуу, заман талабына ылайык келген жаңы имарат куруу керек. Муну менен маданиятыбыздын мындан да өнүгүшүнө шарт түзүлөт эле.

— Фонограммага тыюу салуу керектигин айрым адамдар айтып келишет? 

— Фонограммага тыюу салыш үчүн заманбап аппаратура керек. Ошондо үнү жоктор өздорү эле жоголот. Андай аппараттар Кыргызстанда жокко эсе. Коңшу өлкөлөр мисалга Казакстан, Түркменстандар алдыга озуп кетти. Биз эле артта калдык.

— Жашоодо кыйынчылык болмоюн адам такшалбайт тура. Сизде да оор кездер болду беле?

— Туура айтасыз, оор учурлар болбой койбойт. Кырк жылдан бери ысыкка күйүп, суукка тоңдум. Канчалаган бут тосуулар болду. Өмүрүмдүн жарымы жакшы болсо, жарымынан көбү кыйынчылыктар менен коштолду. Ошентсе да баардык келген кыйынчылыктарды жеңип келе жатам, ошонун артынан ийгиликке жеттим окшойт.

— Убактыңыздын көбүн эмне менен өткөрөсүз?

— Убакыттын көбүн үй-бүлөм менен өткөргөндү жактырам. Бирок баары бир жаның жай албай, изденүүнүн үстүндө жүрөсүн. Кандай ыр жазсам, кандай чыгарма жаратсам деген ой-толгоонун үстүндө жашайм.

— Эркин микрофон…

Нан болсо ыр да болот,»-дегендей ар дайым токчулук молчулук болсун. Барган сайын жашоо кыйындап, көтөрүлүштөр болуп кетип жатпайбы, андайлар токтоп, ылайым тынчтык болсо экен. Элибиздин сөз багып, өнөр сыйлагандыгына, эркиндик, чындык, ар-намыс үчүн бек турганына өтө сыймыктанам. Элибиз эсен, жерибиз тынч болсун! Баарыңыздарга ыраазычылыгымды билдирем!

-Рахмат, сизге чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз!

БУЛАК: Кыз жигит

Аргумент.kg
Жооп калтыруу