Аликбек Жекшенкулов: Жаңы жетекчи тышкы саясатты өзгөртөт деп ишенип турам. Инвестиция тартып келүүгө аракет кылыш керек…

Тышкы иштер министрлигине 41 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков жетекчи болуп келди. Анын талапкерлигин парламент бир добуштан колдоп, президенттин жарлыгы менен дайындалды. Чыңгыз Айдарбеков 1977-жылы Бишкек шаарында туулган. 1998-жылы Кыргызстандын эл аралык университетин аяктап, “Эл аралык байланыштар” боюнча адистигине ээ болгон. 2001-жылы ушул эле университетинде “Юриспруденция” боюнча магистратураны бүтүргөн. Акыркы эки жарым жылдан бери Кыргызстандын Япониядагы атайын жана ыйгарымукуктуу элчиси болуп иштеп турган. 2018-жылдын 17-октябрынан тарта КРнын Тышкы иштер министри болуп дайындалды.

– Тышкы саясат ички саясаттын уландысы. Кыргызстан эмнеге муктаж? Улуттук кызыкчылыкты көздөгөн коопсуздук, анан экономика маанилүү болуп турат. Инвестиция тартып келүүгө аракет кылыш керек. Анан ТИМдин ичинде өтө татаал маселе пайда болду. Кыскасы, жаңы жетекчи тышкы саясатты өзгөртөт деп ишенип турам.

Акылбек Жамангулов, ЖКнын депутаты

– Чыңгыз Айдарбеков буга чейин Япония мамлекетинде 2,5 жыл иштеди. Элчи катары жакшы иштеди деп айта алам. Биз бирок министр кылып шайлап жатканда чоң ишеним менен, аванс менен шайладык. Эми Чыңгыз мырза талыкпай күнү-түнү иштеши керек. Эл, эл аралык дипломатган баары ишти кандай алып барат деп карап турушат. Ошондуктан болгон тажрыйба, билимин жумшап ишти алып кетиши керек. Албетге буга Жогорку Кеңеш да жардам бергенге даяр. Ал эми ишти эмнеден башташ керек дегенде, буга чейинки Коопсуздук кеңеш текшерген фактыларды жоюу боюнча иш алып барыш керек. Бирок дипломатиялык жүрүштө чукул өзгөрүү кылуу да туура эмес. Ошондуктан акырындык менен ишти алып барышы керек болот.

Максат Чакиев, маданият кызматкери

– Биринчиден Чыңгыз Айдарбеков Азаматовичке ийгилик каалайм. Тышкы саясатыбызды ордуна коюп, өркүндөтүп кетет деп ишенем. Буга чейин Япониядагы элчибиз болуп иштеген. Японияда элчи болуу деген саясий жана маданий чөлкөмдө гана кызмат аткаруу деп түшүнөм. Анткени ал жакта мигранттарыбыз жок же инвестиция жактан карым-катнашыбыз жок. Ошондуктан буга чейинки иши тууралуу айтыш кыйын. Эгер Россия, Казакстан же Түркияга окшогон биздин стратегиялык өлкөлөр менен иштешкенде ишмердүүлүгү билинмек. Ошондуктан буга чейинки ишмердүүлүгүнө баа бере албайм. Ал эми азыр кандай иш алып барышы керек дегенде, элчилер саясий, маданий жактан гана иш алып барбай, экономикалык жактан да кесипкөй адам болушу керек. Өлкөгө инвестиция тарта билиши зарыл. Биздин өлкө товарларды ошол мамлекетке канча экспорт кылды, жылына ал өлкөдөн бизге канча турист тартып келе алды ушул жагын дагы кароо абзел. Элчилерге катуу тапшырмаларды берип, экономикалык критерийлерди биринчи орунга коюш керек. Өзгөчө өлкөбүз экономикалык жактан артта калып жаткан азыркы учурда.

Абдывхап Нурбаев, ЖКнын депутаты

– Чыңгыз Айдарбековдун буга чейинки ишине жакшы баа берем. Ишенимди актап, иш тажрыйбасын колдонуп туура иш жүргүзөт деп ишенем. Эң биринчи ишин кошуна мамлекеттер менен соода экономикалык байланыштарды чыңоодон баштаса жакшы болмок. Анткени азыр мамлекетибиз экономикалык кыйынчылыкты башынан кечирип турган маалы.

Темирлан Сарлыкбек уулу, саясат талдоочу

– Эң башкысы мени жаңы тышкы иштер министри болуп жаш адамдын тандалганы, анын эл аралык байланыштар тармагында жетиштүү билимге жана тажрыйбага ээ болгондугу, бир нече чет тилде эркин сүйлөгөндүгү кубандырды. Бирок министрлик кызматта канчалык ийгиликке жетишээрин убакыт тастыкгайт. Менин пикиримде, тышкы ипггер министри ал-бетте башка өлкөлөр менен болгон байланышта күчтөшү керек. Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын башка өлкөлөр менен болгон соода жана экономикалык кызматташтыгын дагы күчөтүү үчүн аракет жумшаса дейм. Мисалы элчиликтерге бул тармак боюнча адистерди жөнөтсө болот. Мен өзүм көп саякаттагандыктан өлкөбүздүн өнүгүшүнө жетиштүү шарттарды түзүүгө мүмкүн экендигине ишенем. Мисалы бизде 250 сом турган бал араб өлкөлөрүндө 100 АКШ долларынан жогору бааланат. Биз уйга берген алманын же өрүктүн 1 даанасы Сингапур, Малайзияда 1 АКШ доллары турат. Мындай мисалдан көп келтирсе болот.

Булак: «Фабула»

Аргумент.kg
Жооп калтыруу