Аликбекке ак жол!

Кыргызстандын Россиядагы элчиси болуп жаңыдан дайындалган Аликбек Жекшенкулов дипломатия жаатындагы дасыккан адистердин бири экендиги талашсыз. Кезегинде КРнын Тышкы иштер министри болуп дагы иштеген. Россия Кыргызстан үчүн эң маанилүү өнөктөш экендиги талашсыз. Абдан күчтүү экономикалык байланыштары бар. Андан сырткары Кыргызстандын сырты коопсуздугун сактоодо дагы Россиянын ролу баа жеткис. Аликбек мырза бул багыттагы дагы далай маселелерди ишке ашырат деген ишеним бар. Дагы бир эң негизги маселе кыргыз жарандары эмгек мигранттары болуп дал ушул өлкөдө жүрүшөт. Кыргызстан экономикасына өтө чоң салым кошушат. Бирок алардын дагы өзгөчө юридикалык жагынан толгон-токой проблемалары бар. Жекшенкулов элчи катары мына ошол маселени иш планынын негизгилеринин бири катары карайт деген ишеним чоң. Айтор санап отурсак аткара турган маселелер толтура. Ага Аликбек мырзанын иш билгилиги жана профессионалдык чеберчилиги жетишет.

Булак: ARGUMENT.KG

Аргумент.kg
Жооп калтыруу